Мазмунга өтүү

Жашоо деңгээли

Википедия — ачык энциклопедия

Жашоо деңгээли - калктын материал жана рухий байлыкты керектөө деңгээли, коомдук өндүрүштүн өнүгүү баскычында байлык менен канааттануу даражасы.

Калктын жыргалчылык абалын туюнткан сан жана сапат көрсөткүчү: киши башына ИДПнын же накта кирешенин канчадан туура келиши, азык-түлүк, азык-түлүк эмес товар керектөө менен тейлөө кызматынын деңгээли, түрүнүн арбындыгы, негизги керектүү нерселердин баасынын, турак жай, коммуналдык тейлөө, кире акысынын деңгээли, жумуш күнү менен жумуш жумасынын узактыгы, турмуш шарты, коомдук керектөө фонду төлөмү менен жеңилдик көлөмү, билим, мед. тейлөө деңгээли, өмүрдүн орточо узактыгы ж. б. менен мүнөздөлөт.

Калктын турмуш деңгээлинин өзгөрүшүндөгү тенденциялар минималдуу кызмат акынын (МКАнын) калктын ар бир адамына минималдуу керектөө бюджетинин (МКБнын) жана орточо кызмат акынын (ОКА) эмгекке жарактуу калктын МКБсына карата катышын чагылдырат. 2009-ж. МКА менен МКБнын ортосундагы катыш 10,4%ти түздү, бул кабыл алынган босого маанисинен (12%) төмөн.

Бул көрсөткүчтүн (ал 1995-ж. 20,7%ти, ал эми 1994-ж. 16,4%ти түзгөн) төмөндөп кеткендиги байкалды. Ушуга байланыштуу республиканын калкынын аз камсыз болгон жана мүлкү аз катмарларын социалдык жактан коргоону камсыз кылуу максатында шашылыш чараларды көрүүнүн олуттуу зарылдыгы келип чыгат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9