Мазмунга өтүү

Жашоо энциклопедиясы

Википедия — ачык энциклопедия
Encyclopedia of Life
Жашоо энциклопедиясы
URL

http://www.eol.org

Коммерциялыкпы?

жок

Сайттын түрү

онлайн энциклопедия

Катталуу

милдеттүү эмес

Жеткиликтүү тилдер

англисче, арабча, португалча ж.б.

Автору

Макартурлар фонду, Альфред Слоун фонду

Ачылган күнү

2008

«Жашоо энциклопедиясы» (англ. The Encyclopedia of Life, EOL) — бардык биологиялык түрлөр жөнүндө маалыматтарды камтыган онлайн-энциклопедия. Ар түрдүү тармактагы адистердин биргелешкен аракети менен түзүлүүдө[1][2]. Энциклопедияда илимге белгилүү болгон ар бир түр үчүн (алардын саны болжол менен 2 миллионго жетет) өзүнчө макала жайгаштырылып, анда видеолор, үн жазуулары, сүрөттөр, графикалык материалдар жана тексттик маалыматтар берилет[3].

Долбоордун алкагында алгач жаныбарлар, өсүмдүктөр жана козу карындар тууралуу маалыматтар бирдиктүү маалымат базасына топтолот. Андан кийин каталогго микроорганизмдер жөнүндө маалыматтар кошулуп, кийинчерээк казылып алынган байыркы биологиялык түрлөр тууралуу маалыматтар да киргизилет.

Энциклопедиянын алгачкы барактары 2008-жылдын 26-февралында түзүлгөн.Бул ресурска кирген ар бир интернет колдонуучу тексттерге, фотосүрөттөргө, карталарга, аудио жазууларга, видеоматериалдарга жана башка мультимедиалык маалыматтарга жеткиликтүү болот. Каталог жаңы түрлөр аныкталган сайын толукталып турат. «Жашоо энциклопедиясы» вики-технологиясынын негизинде иштегендиктен, дүйнөнүн бардык бурчунан интернет колдонуучулар ар бир макаланы түзөтүп жана толуктап тура алышат.

Долбоордун негизги максаттарынын бири — тилдик жана маданий айырмачылыктарга карабастан, ресурсту бардык адамдар үчүн жеткиликтүү кылуу. Ушул максатта энциклопедияны дүйнө жүзүндөгү жеке адамдар жана уюмдар менен кызматташуу аркылуу ар кандай тилдерге которуу пландаштырылган.

Долбоор он жылга эсептелип, анын жалпы баасы 110,5 миллион АКШ долларына бааланган. Алгачкы гранттарды эки америкалык уюм бөлгөн: Макартурлар фондусу 10 миллион АКШ долларын, ал эми Альфред Слоун фондусу 2,5 миллион АКШ долларын бөлүп берген.

Долбоорду Чикагодогу Табият тарыхынын Филд музейи, Гарвард университети, Вудс-Хоул деңиз биологиясы лабораториясы, Миссури ботаникалык багы, Smithsonian Institution жана Биологиялык ар түрдүүлүк мурастары китепканасы жетектейт. Аталган топко Лондондогу Табият тарыхы музейи, Нью-Йорк ботаникалык багы жана Кью королдук ботаникалык бактары кирет[4][5]. Долбоордун жетекчилери келечекте энциклопедияны өнүктүрүүгө миңдеген квалификациялуу адистерди тартууга үмүттөнүшкөн. Алгачкы пландар боюнча долбоорду 2017-жылга чейин аяктоо каралган.

Статистикасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2008-жылдын 27-февралында энциклопедиянын алгачкы 30 миң макаласы жарыяланган[6].

2009-жылдын август айына карата макалалардын саны 170 миңге жеткен.

2015-жылдын март айында энциклопедияда 1,35 миллион макала, 3 миллион сүрөт кошулуп жана 81 миң катышуучу катталган.

  1. Encyclopedia of Life (англ.).
  2. EOL History. EOL.
  3. Odling-Smee, Lucy (9 May 2007). "Encyclopedia of Life launched". Nature. doi:10.1038/news070508-7.
  4. James Edwards – Encyclopedia of Life. LinkedIn.
  5. Scientists compile 'book of life', BBC News (9 -май (бугу) 2007).
  6. Zimmer, Carl. The Encyclopedia of Life, No Bookshelf Required, The New York Times (26 -февраль (бирдин айы) 2008).

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]