Жашыл-көл, Чоң Кемин өрөөнү

Википедия дан

Жашыл-көл, Чоң Кемин өрөөнүИле Ала-Тоосунун түштүк капталындагы тоо көлү. Чоң Кемин өрөөнүнүн төрүндө, деңиз деңгээлинен 3121 м бийикте жайгашкан. Аянты 0,27 км2. Көл өтө кооз, анын чанагы байыркы зор көчкүнүн өрөөндү бөгөп калышынан пайда болгон. Көл мөңгү, жаан-чачын, кар суулары менен толукталып, андан Жашыл-Көл суусу агып чыгат да, Чоң Кемин суусуна куят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1