Жаш агуу

Википедия дан

Жаш агуу – түрдүү дүүлүктүрүүгө жооп иретинде жаш бездеринин жаш бөлүп чыгуусу. Жаш көздү жууп, кургап кетүүдөн сактайт, түрдүү микробдордун көбөйүшүнө тоскоол болот. Ал жаш бездеринде пайда болуп, жаш каналчасы аркылуу жаш баштыкчасына чогулат, андан мурун көңдөйүнө өтөт. Жаш агуудада көзгө бөтөн нерсенин түшүшү, көздүн кычыгындагы тешикче бүтөлүп, жаштын мурун коңулуна өтө албай калуусу же жаштын көп бөлүнүүсү, жаш бөлүп чыгаруучу бездин кызматынын бузулушу, көздүн сырткы кабыкчаларынын сезгениши жана башка себептерден болот. Айрым адамда катуу суукка, шамалга, караңгы жерден өтө жарыкка чыкканда, капа болгондо, сүйүнгөндө жана башка жаш агат. Мындай учурда жаш агууну алдын алуу үчүн коргоочу көз айнек кийүү сунуш кылынат. Көздөн жаш агып токтобосо, врачка кайрылуу зарыл.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1