Жаңыбеков Калдарбай

Википедия дан

Жаңыбеков Калдарбай 1957-жылы 12-октябрда Көк-Жаңгак шаарында туулган.

  • 1964-1972-жылдары Кедей-Арык айылындагы Т. Тайгараев атындагы сегиз жылдык мектепти,
  • 1974-жылы У. Абдукаимов атындагы орто мектепти бүтүрүп, эмгек жолун Т. Тайгараев совхозунда жумушчу болуп иштеп баштаган.
  • 1975-1977-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп жүргөндө, КПССтин мүчөлүгүнө кандидат болгон.
  • 1978-2008-жылдары ички иштер органында катардагы милиционерден, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, милициянын подполковниги чинге чейин кызмат өтөгөн.
  • Календардык 30 жыл мыйзам ченемдүү иш алып баргандыгы үчүн бир канча медалдар, ардак грамоталар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланган.
  • 2008-жылы ардактуу эс алууга чыгып, коомдук иштерге активдүү катышат.
  • Советтер Союзунун Баатыры Т. Тайгараевдин үй- музейин жаңыдан түптөп курдурууга жана анын эстелигин районубуздун көрүнүктүү жерине куруу үчүн, Т.
  • Тайгараев коомдук фондду түзүлүп, анын төрагалыгына шайланган.
  • Баатырдын эстелигин жана үй-музейдин курулушун негиздеп, курулуп бүтүшүнө эбегейсиз чоң салымын кошкон.
  • Милициянын подполковниги.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3