Жаңырык
Көрүнүш
Жаңырык – толкундардын (акустикалык, электр-магниттик) ар кандай тоскоолдуктардан чагылышы жана байкоочу тарабынан кабыл алынышы.
Үн Жаңырыгы кулакка баштапкы чыккан үндөн кечирээк келип жетет. Үн Жаңырыгы гидролокацияда, ал эми радио Жаңырыгы радиолокацияда колдонулат. Жарык толкундарынын чагылышын да жарык Жаңырыгы деп атоого болор эле. Бирок мындай термин колдонулбайт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0