Жаңы-Жол, Чүй району
Jump to navigation
Jump to search
Айыл
Жаңы-Жол
Жаңы-Жол
|
Жаңы-Жол Четки Саяк (кырг. Жаңы-Жол) — Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Чүй районундагы кыштак. Ак-Бешим айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 970 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Чүй кыштагынан 10 км түштүк-чыгыш тарапта. Токмок темир жол бекетинен 12 км. Кыштак 1929-жылы негизделген. Калкы 807 (2008); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Негизги мектеп, клуб, китепкана бар. ФАП иштейт.[1]
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5