Жаңы-Пахта, Сокулук району
Jump to navigation
Jump to search
Айыл
Жаңы-Пахта
Жаңы-Пахта
|
Жаңы-Пахта — Чүй облусунун Сокулук районундагы кыштак. Жаңы-Пахта айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 585 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сокулук кыштагынан 35 км түндүк тарапта. Шопоков темир жол бекетинен 33 км. Кыштак 1933-жылы негизделген. Калкы 3 356 (2009); негизинен мал чарбасы менен алектенет. Орто мектеп, оорукана, дарыкана, бала бакча, маданият үйү, китепкана, ашкана, турмуш тиричилик кызматынын бөлүмдөрү бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.
Калкы - 3 356 киши.[1]
![]() |
Бул, макаланын даярдамы Кыргызстан жөнүндө. Сиз, аны оңдоп жана толуктап, долбоорго жардам бере аласыз. |
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5