Мазмунга өтүү

Жаңы Зеландия улуттук футбол курамасы

Википедия — ачык энциклопедия
Жаңы Зеландия улуттук футбол курамасы
Эн белгиси
Лакап аттары Жалаң Актар (англ. All Whites)
Конфедерациясы ОФК (Океания)
Федерациясы Жаңы Зеландия футбол ассоциациясы
Башкы
машыктыруучусу
Англия Даррен Бейзли
Капитаны Крис Вуд
Эң көп
оюн саны
Иван Вицелич
Крис Вуд (88ден)
Мыкты
бомбардири
Крис Вуд (45)
Үй стадиону Жаңы Зеландиядагы стадиондор
ФИФА коду NZL
ФИФА рейтинги
Азыркы 85 Steady (1- апрель 2026)[1]
Мыкты 47 (август 2002)
Төмөнкү 161 (апрель – май 2016)
Формасы
Форма
Форма
Негизги
форма
Форма
Форма
Резервдик
форма
Биринчи оюн
Жаңы Зеландия Жаңы Зеландия 3:1 Австралия Австралия
(Данидин, Жаңы Зеландия; 17-июнь 1922)
Эң ири жеңиш
Жаңы Зеландия Жаңы Зеландия 13:0 Фижи Фижи
(Окленд, Австралия; 16-август 1981)
Эң ири жеңилүү
Жаңы Зеландия Жаңы Зеландия 0:10 Австралия Австралия
(Веллингтон, Жаңы Зеландия; 11-июль 1936)
Дүйнө чемпионаты
Катышуусу 3 (биринчи жолу 1982-жылы)
Жетишкендиги Тайпалык баскыч (1982, 2010)
ОФК Улуттар кубогу
Катышуусу 11 (биринчи жолу 1973-жылы)
Жетишкендиги Чемпион (1973, 1998, 2002, 2008, 2016, 2024)
Конфедерациялар кубогу
Катышуусу 4 (биринчи жолу 1999-жылы)
Жетишкендиги Тайпалык баскыч (1999, 2003, 2009, 2017)

Жаңы Зеландия улуттук футбол курамасы (англ. The New Zealand men's national football team, маори Tīma hoka a-motu o Aotearoa) — эл аралык футбол мелдештеринде Жаңы Зеландиянын атынан чыгуучу команда. Кураманы Жаңы Зеландия футбол ассоциациясы башкарат.

Команда дүйнө чемпионатына 1982 жана 2010-жылдары катышкан жана 2026-жылы дагы жолдомо алган. Ошондой эле 1999, 2003, 2009 жана 2017-жылдары Конфедерациялар кубогуна катышкан. Жаңы Зеландия ОФК Улуттар кубогун алты жолу жеңген.

2010 Дүйнө чемпионатында Жаңы Зеландия тайпалык баскычтын бардык оюндарын тең чыгуу менен аяктап, жеңилбеген жалгыз команда болгон, бирок плей-оффко өтө алган эмес.

Кураманын башкы машыктыруучусу — англиялык адис Даррен Бейзли, капитаны — Крис Вуд.

  1. The FIFA/Coca-Cola World Ranking (англ.) (1- апрель 2026).