Мазмунга өтүү

Жаңы Израиль шекели

Википедия — ачык энциклопедия
Жаңы Израиль шекели  (кырг.)

New Israeli Sheqel  (аңгл.)
Nouveau shekel israélien  (фр.)

50 шекел
50 шекел
Коддор жана белгилер
ISO 4217 коддору ILS (376)
Аббревиатуралар
Жүгүртүү чегарасы
Эмитент  Израиль
Расмий түрдө  Палестина
Туунду жана параллелдүү бирдиктер
Бөлчөктүү Агора (1100)
Жүгүртүүдөгү банкноттор жана монеталар
Монеталар 10 агор, ½, 1, 2, 5, 10 шекел
Банкноттор 20, 50, 100, 200 шекел
Тарыхы
Мурда колдонулган валюта Эски Израиль шекели (YER)
Израиль фунту (ILP)
Банкноттор жана монеталар өңдүрүшү
Эмиссиялык борбор Израиль банкы
www.boi.org.il
Курстар 10 Апрель 2015-жылга көрсөтүлгөн
1 KGS = 0,06152 ILS
1 USD = 3,943 ILS
1 EUR = 4,168 ILS
1 GBP = 5,767 ILS
1 JPY = 0,03272 ILS
Курстар ЭВФ, ЕББ жана КРУБ маалыматтары боюнча автоматтык түрдө жаңыртылып турат.
2021-жылдык инфляция
Инфляция 2,8%[1]
Жаңы Израиль шекели Уикиказынада

Жаңы Израиль шекели (евр. שקל חדש) — Израилдин улуттук акча бирдиги. ISO 4217 стандарты боюнча тамга коду — ILS, сандык коду — 376. Расмий белгиси — ₪, эмитенти — Израиль банкы. Бир шекел 100 агорадан турат.

Израилдин фунту (1952–1980)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1948-жылдын 14-майында Израиль мамлекети түзүлгөндөн тартып 1952-жылга чейин Англия-Палестина банкы Палестина фунтунун банкнотторун чыгарып турган. Бул акча бирдиги фунт стерлингге барабар болгон (£P1 = £1). 1952-жылы банк өз атын «Банк Леуми ле-Исраэль» (евр. בנק לאומי לישראל — «Израилдин Улуттук банкы») деп өзгөрткөн, ал эми валютанын аталышы «Израил фунту» (лйра йисраэлит) деп аталып калган[2].

1955-жылдан тартып, банкнот чыгаруу милдетин жаңы түзүлгөн Израил банкы өзүнө алган. Ошондон кийин банкноттордо еврейче аталышы гана жазыла баштаган жана «IL» белгиси колдонулган. 1954-жылдын 1-январынан тартып фунт стерлингге болгон байланышы үзүлүп, 1960-жылы валюта эң кичинекей бөлүгү 1000 прутадан 100 агорага өзгөртүлгөн.

1960-жылдары «лира» (евр. לִירָה) деген сөз латын тилинен алынган сөз болгондугуна байланыштуу талкуу чыккан. Натыйжада мыйзам кабыл алынып, каржы министри валюта аталышын «лирадан» еврейче «шекелге» (שקל) өзгөртүүгө милдеттендирилген. Министрге өзгөртүү датасын өз каалоосу боюнча белгилөөгө уруксат берилген. Бул мыйзам 1980-жылдын февраль айында күчүнө кирген жана ошондо «Израиль шекели» (азыркы «эски шекел») аталашы киргизилген. Эски шекел 10 фунтка 1 шекел курсунда алмаштырылган (IL10 = IS1).

Шекел (1980–1985)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1980-жылдын 24-февралынан 1985-жылдын 31-декабрына чейин «эски шекел» Израилдин улуттук валютасы болгон. Мурунку Израил фунту сыяктуу эле, шекел дагы 1960–1970-жылдарда чет элдик валюталарга салыштырмалуу тез наркын жоготкон. 1980-жылдардын башында өлкөдө гиперинфляция күчөп, акча наркы тез түшүп, 1985-жылы жүргүзүлгөн экономикалык турукташтыруу программасынан кийин инфляция көзөмөлгө алынып, 1986-жылдын 1-январында жаңы шекел киргизилген. Жаңы бир шекелдин курсу 1000 эски шекелге барабар болгон (IS1000 = ₪1)[2].

Жаңы шекел (1985–бүгүнкү күнгө чейин)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1980-жылдардагы экономикалык кыйынчылыктардан кийин Израиль банкы менен өкмөтү, каржы жана акча саясатын этияттык менен жүргүзө баштаган. Ошондой эле базар экономикасына негизделген реформалар ишке киргизилип, эркин соода келишимдери түзүлгөн. Жыйынтыгында Израилдин экономикасынын атаандаштык жөндөмү арткан. Өлкө илим-билим жана өнөр жай тармактарына ири инвестицияларды салып, экспортту көбөйтүп, жаңы рынокторго чыга алган[2].

Бул факторлордун негизинде инфляция деңгээли төмөн бойдон калып, 2010-жылга карата өлкөнүн төлөм балансы оң абалда болгон. Натыйжада шекелдин наркы мурдагыдай түшпөстөн, тескерисинче, 2001–2011-жылдар аралыгында АКШ долларына салыштырмалуу 20% жогорулаган[3].

2003-жылдын 1-январынан тартып жаңы шекел эркин алмашылуучу валюта болуп калган. 2006-жылдын 7-майынан тартып Чикаго товардык биржасында шекел боюнча туунду келишимдер менен соода жүргүзүү мүмкүнчүлүгү ачылган[4]. Жаңы шекел дүйнөдөгү 20 эл аралык валюта рыногунда фьючерс келишимдери эркин жүргүзүлгөн негизги валюталардын катарына кирген. 2008-жылдын 26-майында CLS Bank International шекел боюнча төлөм эсептерин жүргүзө баштаган, бул анын толук конверттелүүчү валюталардын бири кылган.

Азыркы учурда шекелдин курсу Израилдин саясатына байланыштуу туруксуз мүнөзгө ээ. 2023-жылдан тартып бир катар өлкөлөр Израиль менен экономикалык кызматташтыкты токтоткондуктан, шекелдин валюта рыногундогу абалы начарлаган[5][6][7][8].

Биринчи жолу 1985-жылы монеталардын жаңы түрлөрү жүгүртүүгө киргизилген. Монеталарды Түштүк Кореянын Korea Minting and Security Printing Corporation (KOMSCO) ишканасы чыгарат[9].

Сүрөт Номинал Диаметр

(мм)

Калыңдыгы

(мм)

Салмагы

(г)

Материал Сүрөттөөмөсү Дата
Кыры (гурт) Аверс Реверс чыгарылган алынган
1 агора 17 1,2 2 92 % жез
6 % алюминий
2 % никель
жылмакай Израилдин герби, байыркы галера, ивритче, арабча жана англисче «Израиль» деп жазылган номинал, дата 1985-жыл 4-сентябрь 1991-жыл 1-апрель
5 агора 19,5 1,3 3 жылмакай Израилдин герби, байыркы галера, ивритче, арабча жана англисче «Израиль» деп жазылган 2008-жыл 1-январь
10 агора 22 1,5 4 жылмакай Израилдин герби, байыркы галера, ивритче, арабча жана англисче «Израиль» деп жазылган жүгүртүүдө
½ шекель 26 1,6 6,5 жылмакай лира номинал, дата, ивритче, арабча жана англисче «Израиль» деп жазылган жүгүртүүдө
1 шекель 18 1,8 4
75 % жез
25 % никель
жылмакай лилия, ивритче «Йехуд» жазуусу, Израилдин герби номинал, дата, ивритче, арабча жана англисче «Израиль» деп жазылган 1985-жыл 4-сентябрь жүгүртүүдө
2 шекель 21,6 2,3 5,7 никель жана болот жылмакай Эки мүйүзү жана Израилдин герби номинал, дата, ивритче, арабча жана англисче «Израиль» деп жазылган 2007-жыл 9-декабрь жүгүртүүдө
5 шекель 24 2,4 8,2 мельхиор
75 % жезь
25 % никель
жылмакай түркүк капители, Израилдин герби номинал, дата, ивритче, арабча жана англисче «Израиль» деп жазылган 1990-жыл

2-январь

жүгүртүүдө
10 шекель 23, ортосу 16 2,2 7 шакекчеси: никель жана болот
ортосу: коло
кесикче жети жалбырактуу курма жана эки себет, даталар, Израилдин герби, байыркы жана азыркы еврей тилдеринде «Сиондон куткаруу үчүн» жазуусу номинал, дата, ивритче, арабча жана англисче «Израиль» деп жазылган 1995-жыл 7-февраль жүгүртүүдө

Биринчи серия (1985–1999)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1985-жылдын 4-сентябрынан тартып жаңы банкноттор жүгүртүүгө киргизиле баштаган. Биринчи болуп ₪5, ₪10 жана ₪50 номиналындагы банкноттор чыккан. Кийин 1986-жылдын 8-майында ₪1 номиналындагы банкноту жана ошол эле жылдын 19-августунда ₪100 номиналындагы банкноту чыгарылган. 1988-жылдын 2-апрелинде ₪20, ал эми 1992-жылдын 16-февралында ₪200 номиналындагы банкноттор жүгүртүүгө киргизилип, банкноттордун бул сериясы толукталган[10].

₪1, ₪5 жана ₪10 номиналындагы банкноттор мурдагы 1000, 5000 жана 10 000 шекелдин негизиндеги дизайн менен чыгарылып, номиналы гана өзгөртүлгөн[10].

Кийинчерээк ₪1, ₪5 жана ₪10 банкноттору монеталар менен алмаштырылган. Алгачкы чыгарылыштагы айрым монеталардын бетине ошол банкноттордо сүрөттөлгөн белгилүү адамдардын элестери түшүрүлгөн[10].

Биринчи серия[10]
Сүрөт Номинал Өлчөмү (мм) Түсү Сүрөттөөмөсү Басып чыгарылгын датасы Колдонуудан чыгарылган датасы
Алдыңкы бетиАрткы бети
₪1 76×138жашыл Маймонид Маймонид коюлган Тиберия 1986-жыл 8-май 1995-жыл
₪5 76×138көк Леви Эшколь Суу түтүгү 1985-жыл 4-сентябрь 1995-жыл
₪10 76×138кызгылт сары Голда Меир 1948-жылы Голда Мейрдин Москвага Израилдин элчиси катары келген учуру 1985-жыл 4-сентябрь 1995-жыл
₪20 76×138боз Моше Шарет Герцлия гимназиясынын имараты 1988-жыл 2-апрель 2000-жыл 1-июль
₪50 76×138кызгылт көк Шмуэль Йосеф Агнон Иерусалимдин пейзажы 1985-жыл 4-сентябрь 2000-жыл 1-июль
₪100 76×138күрөң Ицхак Бен-Цви Пекиин синагогасы 1986-жыл 19-август 2000-жыл 1-июль
₪200 76×138кызыл Залман Шазар Шазар тарабынан демилгеленген милдеттүү билим берүү мыйзамынын символу катары столдо жазып жаткан кыз, фондо еврей тамгалары 1992-жыл 16-февраль 2000-жыл 1-июль

Экинчи серия (1999–2017)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Экинчи сериядагы банкноттор 1999-жылы жүгүртүүгө чыгарылып, 2005-жылга карата биринчи сериядагы банкнотторду толугу менен алмаштырган[11].

1995-жылы Ицхак Рабин өлтүрүлгөндөн көп өтпөй, анын сүрөтү түшүрүлгөн ₪500 номиналындагы банкнот чыгаруу планы жарыяланган. Бирок өлкөдөгү инфляциянын төмөн болушуна байланыштуу мындай чоң номиналдуу купюрага муктаждык болбой, ₪500 номиналындагы банкнот басып чыгарылган эмес.

Экинчи серия[11]
Сүрөт Номинал Өлчөмү (мм) Түсү Сүрөттөөмөсү Басып чыгарылгын датасы Колдонуудан чыгарылган датасы
Алдыңкы бетиАрткы бети
₪20 71×138жашыл Моше Шарет Экинчи дүйнөлүк согуштагы жөөт ыктыярчылары, күзөт мунарасы 1999-жыл 3-январь
₪20 71×138жашыл Моше Шарет Экинчи дүйнөлүк согуштагы жөөт ыктыярчылары, күзөт мунарасы 2008-жыл 13-апрель
₪50 71×138кызгылт сары Шмуэль Йосеф Агнон Агнондун дептери, калеми жана көз айнеги 1999-жыл 31-октябрь
₪100 71×138күрөң Ицхак Бен-Цви Пекиин синагогасы 1999-жыл 3-январь
₪200 71×138кызыл Залман Шазар Сафеддеги көчө жана Шазардын Сафед жөнүндөгү эссесинен алынган текст 1999-жыл 31-октябрь
₪500 көк Ицхак Рабин Маркум премьер-министрдин өлтүрүлүшүнүн алдында сүйлөгөн сөзүнөн үзүндү Басылып чыккан эмес

Үчүнчү серия (2014– а.у.)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Комитет жаңы сериядагы банкноттордо көрүнүктүү еврей акындарынын сүрөттөрү чагылдырылышы керек деген сунуш берген. Алардын катарында Рахель Блувштейн, Шауль Черниховский, Лея Голдберг жана Натан Альтермандар болгон[12].

Бирок 2010-жылдын декабрында жарыяланган маалыматта жаңы банкноттордо Менахем Бегин, Ицхак Рабин, Рахель жана Шмуэль Йосеф Агнондун сүрөттөрү түшүрүлө турганды айтылган. Бегиндин үй-бүлөсү бул чечимге каршы чыккандан кийин, комитет баштапкы сунушун кайра кабыл алган.

2012-жылдын 14-ноябрында Израил банкы жаңы банкноттордун сериясыясыны дизайн боюнча иштери акыркы этапта экенин жарыялаган. Жаңы сериядагы биринчи ₪50 номиналындагы банкнот 2014-жылдын 16-сентябрында жүгүртүүгө кирген. 2015-жылдын 23-декабрында ₪200 номиналындагы банкнот чыккан. ₪20 жана ₪100 номиналындагы банкноттор 2017-жылдын 23-ноябрында чыгарылып, «С сериясындагы» банкнотторду чыгаруу толугу менен жыйынтыкталган[13].

Жаңы банкноттор Швейцариядагы Orell Füssli Security Printing басмаканасында чыгарат[14].

Үчүнчү серия[13]
Сүрөт Номинал Өлчөмү (мм) Түсү Сүрөттөөмөсү Басып чыгарылгын датасы Колдонуудан чыгарылган датасы
Алдыңкы бети Арткы бети
₪20 129×71 кызыл Рахель Блувштейн Галилей деңизинин жээгинин көрүнүшү 2017-жыл 23-ноябрь
₪50 136×71 ачык жашыл Саул Черниховский «Мен ишенем» поэмасынан кыска үзүндү 2014-жыл 16-сентябрь
₪100 143×71 кызгылт сары Леа Гольдберг Жейрендердин тобу, «Ак күндөр» поэмасынан кыска үзүндү 2017-жыл 23-ноябрь
₪200 150×71 көгүш Натан Альтерман Ай нурундагы флора, «Таң ыры» поэмасынан кыска үзүндү 2015-жыл 23-декабрь

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]