Жаңы философтор

Википедия дан
Жаңы Философтор‎»‎ барагынан багытталды)

Жаңы философтор-1976–1979-жылдары Франциядагы идеологиялык жана көз караштык талаш-тартыштарды авансценага алып чыккан философтор менен публицисттердин тобу. Өз китептеринде жана радиодо берилген сөздөрүндө жаш интеллектуалдар 1968-жылдын май айындагы «жаштар революциясынын» мурдагы активисттери (А. Глюксман, Б. А. Леви, Ж. П. Долле, К. Жамбе, Г. Лярдро ж. б.) «революциячыл мифтерден» көңүлдөрү калгандыгын айтып чыгышкан. Мурда алар Маркстын, Мао-Цздун жана Маркузенин идеялары менен ураандарын кандай жогору тутушса, эми алар революциячык окуулардын «күрөшчүл кретинизминен» ошончолук түрдө баш тартып, «Маркс өлдү», «Марксизм эл үчүн баш айланткан апийим» жана башка ураандарды көтөрө башташкан. Алар классикалык европалык философиядагы жаратылыштын, коомдун, ой жүгүртүүнүн объективдүү мыйзамдарын таанып билүү жана «дүйнөнү акыл-эстүү негизде өзгөртүп түзүү» тууралуу фундаменталдуу абалдар сыяктуу революциячыл теориялардын философиялык негиздерин сынга алышкан. «Мырза ойчулдар» («господа мыслители») деп аталган китепте Глюксман немец философиясындагы адамга эбегейсиз зор эркиндикти берүүнү убада кылуу менен аны зарылчылыктын, мыйзамдын жана мамлекеттин «кыңк» этпес кулуна айланткан Фихте, Гегель, Маркс жана Ницще өңдүү төрт чыгаан ойчулду айырмалаган. Ошондуктан алардын философиясы өз маңызы боюнча «революциячыл илими, үстөмдүк кылуунун илими, башкаруунун илими» болуп саналат.

Классикалык философияны радикалдуу мүнөздө сындоо менн Жаңы философтор постклассикалык ой жүгүртүүнүн негизги тенденцияларын, өзгөчө феномонологиянын, структурализмдин жана психоанализдин методдорун андан ары өнүктүрүшкөн. Учурдагы диний ойчул М. Клавель (1920–1979) бекер жеринен Жамбенин, Лярдронун жана Глюксмандын китептерин жалындуу пикирменен колдобосо лер керек. Анткени, ал бул китептерден «өз маңызы боюнча атеисттик окуу» болуп саналган бүтүндөй метафизиканы, бүтүндөй классикалык философияны «радикалдуу түрдө деструкциялап», диний окууга кайрадан кайрылуунун мүмкүнчүлүгүн көргөн. 80-жылдардын аягында көптөгөн Жаңы Философтор теориялык иштен четтеп кеткени менен алар тарабынан жасалган Франциядагы интеллектуалдык төңкөрүш, алардын солчул идеялары университеттин жаштары менен профессураны жандандырып, европалык континенттин рухий турмушуна зор таасир тийгизген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]