Жаңы экономикалык саясат

Википедия дан

Жаңы экономикалык саясат – РКП(б)нин 10-съездинде (1921-ж. март) көп укладдуу экономиканы жандандыруу үчүн В. И. Ленин тарабынан сунушталган антикризисттик программа. Жарандык согуш (1918–20) жана андан кийин большевиктер жүргүзгөн «согуштук коммунизм» саясаты өлкөнүн экономикасын толук бүлгүнгө учураткан. Жаңы экономикалык саясат негизинен экономикалык кризистерден келип чыккан социалдык чыңалууну жоюу менен Совет бийлигинин базасын чыңдоо, жумушчу-дыйкандар союзун бекемдеп, экономикалык жактан бүлүнгөн чарбаны кризистен алып чыгып, аны калыбына келтирүү, социалдык коомду курууга ыңгайлуу база түзүү үчүн кабыл алынган. Жаңы экономикалык саясат учурунда мурунку айыл чарбадагы азык-түлүк чачымы натуралдык салык менен алмаштырылган жана ал мурункудан 2 эсе аз болгон. Бардык мамлекеттик тапшырма аткарылгандан кийин дыйканга калган түшүмүн эркин сатууга укук берилип, жерди ижарага алууга, жалданма жумуш күчүн колдонууга мүмкүнчүлүк алган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1