Жез

Wikipedia дан
Жез.

Жез (лат. Cuprum) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 4-мезгилинин IВ группа элементи. К.н. 29, ат. м. 63,546. Туруктуу эки изотобу бар: 63Сu жана 64Cu. Жер кыртышында м. б-ча 1×10-2% түзөт. Ал таза жана бирикме түрүндө (көбүнчө күкүрт, кычкылтек м-н) кездешет. Ж. - ийилгич, чоюлгуч, кызыл түстөгү металл, тыгызд. 8,96 г/см3 ; 1083 оС эрип, 2600оС кайнайт. Бирикмелеринде +1, +2, +3 окистенүү даражаларына ээ. Ж. бир топ комплекстик бирикмелерди пайда кылат. Кадимки темп-рада активдүүлүгү жогору эмес. Нымдуу абада Ж. андан ары окистенүүдөн сактай турган. жез (I) оксиди Cu2O же негиздик карбонат тузунун (CuOH)2CO3 жука кабыкчасы менен капталат. Ж. кадимки темп-рада галогендер, күкүрт, селен менен оңой кошулат. Ал эми суутек, азот, көмүртек менен жогорку темп-рада да реакцияга кирбейт. Суюултулган күкүрт, туз к-талары окистендиргичтер жок чөйрөдө жезге таасир этпейт. Азот жана конц. ысык күкүрт к-таларында эрийт. Көпчүлүк металлдар менен куймаларды пайда кылат. (I) валенттүү Ж. туздары түссүз келип, сууда эрибейт, жеңил окистенет же Ж. (II) валенттүү туздарына чейин ажырайт. Ал эми (II) валенттүү Ж. туздары жакшы эрийт. Ж. гидратташкан иондору Cu2+ - көк түстө болот. Ж. маанилүү минералдары болуп: Cu2S - Ж. жалтырагы; CuFeS2 - Ж. колчеданы; CuS - кавелит; Cu5FeS4 - борнит; CuCO3×Cu(OH)2-малахит; CuCO3×2Cu(OH)2 - лазурит; CuSiO3×2H2O-хризаколла; CuSO4×Cu(OH)2 –брушантит саналат. Ө. ж-да:

1) 2Cu2S + 3O2 = 2Cu2O + 2SO2 2) Cu2S + 2Cu2O = 6Cu + SO2

реакцияларынын жардамы менен алынат. Таза Ж. жылуулукту жана электр тогун жакшы өткөрөт, ийилгич болгондуктан ө. ж-да кеңири колдонулат. О. эле хим. аппараттар жасоодо жана коррозияга туруктуу куймалар (коло, латунь) даярдоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]