Жездүү кумдук жана сланецтер

Википедия дан

Жездүү кумдук жана сланецтер, жездин стратиформдук кендери - арасында жез минералдары бар, негизинен кумдук менен сланецтен түзулгөн чөкмө тоо тек кабаттары, жез рудасы.

Алар кабат түрүндө чоңураак аянттарга таралып, калыңдыгынын дайыма бирдей болушу жана байыркы деңиз чөкмөлөрүнүн белгилүү бир стратиграфиялык горизонтуна топтолушу менен айырмаланат. Мында жез негизинен халькопирит, борнит, халькозин жана ковеллин минералдарынан турат. Алар темир, цинк, коргошун, никель, кобальт, молибден, рений, висмут, сурьма, мышьяк ж. б-лардын минералдары менен бирге бүртүкчөлүү руданы түзүп, бардык жерде бир кальшта таралат.

Кен минералдык составы боюнча зоналарга бөлүнүп, алардын бара-бара бири бири менен алмашышы байкалат. Жездин стратиформдук кендери бардык геологиялык доорлордо кездешет. Бирок алардын протерозойдо, палеозойдун ортосунда жана аягында пайда болгондорунун мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.