Жез аммиактуу була
Көрүнүш
Жез аммиактуу була - целлюлозаны жез аммиак эритмесинде эритүүдөн алынган жасалма була.
Бул алынуучу эритме илешчээк келип, составында 10% целлюлоза, 4% жез, 7% аммиак болот. Илешчээк эритме өтө майда торчодон өткөрүлүп, суу, жегич жана кислота менен иштетилет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.