Жез доору
Көрүнүш
Жез доору (же халколит деп аталат (гр. chalkos - жез жана lithos - таш) же энеолит (лат. aeneus-жез жана гр. lithos - таш))-пеолиттен коло дооруна өткөн мезгил.
Таш куралдары али басымдуулук кылса да, жезден жасалган алгачкы металл буюмдары пайда боло баштайт. Чыгышта (Түштүк Иранда, Турцияда, Месопотамияда) жез, андан соң коло буюмдары б. з. ч. 4-миң жылдыкта, Европада б. з. ч. 3-2-миң жылдыктарда пайда болгон.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.