Жез куймалары

Википедия дан

Жез куймалары – негизи жез болгон куймалар. Жез куймаларына калай, цинк, алюминий, коргошун, никель, марганец, темир, фосфор, кремний жана башка элементтер кошулат. Жез куймалары латунь, коло жана жез-никель куймалары болуп бөлүнөт. Легирлөөчү элементтерге жараша жез куймалары жогорку электр жана жылуулук өткөрүмдүүлүккө ээ, ошондой эле ийкемдүү, бышык жана дат басууга туруктуу. Окистенүү-калыбына келтирүү үчүн эритиндиге бир аз (%тин ондон бир үлүшүндө) фосфор кошулат. Жез куймалары деформациялануучу жана куюлма болуп айырмаланат. Деформациялануучу жез куймаларынан жумуру жана жалпак уютмалар куюлуп, басым аркылуу иштетилет да, калдыркан, түтүк, зым жана башка жасалат. Куюлма жез куймаларынан металл формалар, фасондуу тетиктер, кооз буюмдар жана скульптуралар даярдалат. Жез куймалары автомобиль, ар кандай машина жана кеме курууда, электр-техникалык өнөр жайында, суу жана буу аппараттарын жасоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1