Жез тумшук

Википедия дан
Жез тумшук (жез тырмак, жез кемпир)‎»‎ барагынан багытталды)

Жез тумшук
Каармандын мүнөздөмөсү
Жынысы

Аял

Багыты

Терс

Касиеттери

Каалаган кейпкерге кубула алат

Байланышкан каармандар

Жез Тырмак, Пери

Жез тумшук (Жез тырмак, Жез кемпир)Кыргыз элинин кереметтүү жомокторундагы салттуу терс каармандардын бири. Жомоктогу мүнөздөмөлөрдө Жез тумшук кадимки адам түспөлүндө болуп, адамча сүйлөйт, өзү каалагандай кубулат, тумшугу, тырмагы курч (болоттон, жезден). Жез тумшук адам жүрбөгөн алыскы жайлардан жолугат. Адамдар амалкөйлүк менен Жез тумшукту өлтүрүп, тумшугун, тырмактарын керектөө үчүн кесип алат. Жез тумшук, жез тырмак жөнүндөгү түшүнүк энесайлык кыргыздардын урпактары болгон хакастардын, тувалар жана шорлордун элдик оозеки чыгармаларында сакталып келет. "Манас" эпосунда Жез тумшук тууралуу толугу менен маалымат берилбесе да, алыскы жайларда жолуга турган тумушугу жез жапайы адам катары айтылып кетет: "Тумшугу жез киши бар — убара чаркоо дегени" (Сагымбай Орозбаков, 2. 170).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]