Жеймс Гандолфини

Википедия дан

Жеймс Жосеф Гандолфини кичүү (англ. James Gandolfini;1961-жылы, 18-сентябрда туулган жана 2013-жылы каза болгон) - америкалык актер жана продюсер. Ал HBO телеканалындагы "Сопранолор" аттуу криминалдуу драмада италияндык-америкалык криминал чөйрөсүнүн боссу- Тони Сопранонун ролу менен белгилүү. Бул сериалдагы ролу үчүн ал көптөгөн мактоолорго арзыган жана үч " Эмми Сыйлыгын", үч "Киноактерлордун Гилдия Сыйлыгын" жана бир "Алтын Глобус" сыйлыгын жеңип алган.

Анын башка көрүнүктүү ролдору "Чыныгы сүйүү" (анг. True Romance, 1993) тасмасындагы Виргилдин ролу, "Кортогойду жүдөтүү" (анг. Get Shorty, 1995) тасмасында түрткү берүүчү жана каскадер Бирдин ролу, "Жапайы нерселер жашаган жер" (анг. Where the Wild Things Are, 2009) тасмасында Кэролдун ролу болуп саналат. Ал "Сөздөр жетиштүү" (анг. Enough Said, 2013) тасмасында Алберттин ролун аткаргандыгы үчүн көптөгөн мактоолорго арзыган жана жакшы сын-пикирлерге ээ болгон. Ошондой эле "Киноактерлордун Гилдия Сыйлыгы" наамына жана "Бостон Киносынчыларынын Коомчулугу" сыйлыгынын "Экинчи пландагы эң мыкты актер" наамына көрсөтүлгөн.

"Сопранолор" сериалы бүткөндөн кийин Гандолфини "Тирүү кездеги эскерүүлөр: Ирактан мекенди көздөй" (анг. Alive Day Memories: Home from Iraq, 2007) аттуу документалдуу тасмага продюсерлик кылган. Бул тасмада ал Ирак согушунда жарадар болгон ветерандар менен баарлашкан. Ал эми анын "Согуштан азап чеккендер: 1861-2010" (анг. Wartorn: 1861–2010, 2010) аттуу документалдуу тасмасында, 1861-2010-жылдардын аралыгында Американын тарыхындагы бир нече согуштун америкалык үйбүлөөлөргө жана аскерлерге берген терс таасирин изилдеген.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]