Жеке медициналык ишмердик
Көрүнүш
Жеке медициналык ишмердик – түзүлгөн келишимдерге ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык саламаттыкты сактоо тармагынын мекемелеринен сырткары жерлерде, жарандардын же уюмдардын, анын ичинде медициналык камсыздандыруу уюмдарынын каражаттарынын эсебинен медициналык жардамдарды көрсөтүү. КРде Ж. м. и. менен алектенүү укугуна медициналык жогорку жана орто билими тууралуу диплом алышкан адамдар ээ болушат. Ж. м. и. жүзөгө ашырууга лицензия берүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – КР Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан ишке ашырылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
| Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |