Мазмунга өтүү

Жеке мүлктүк эмес укук

Википедия — ачык энциклопедия

Жеке мүлктүк эмес укук – жарандык укуктардын (мүлктүк укук менен бир катардагы) бир түрү. Материалдык эмес ыңгайлуулуктар боюнча пайда болот, инсандан бөлүнгүс келет, экономикалык маани-маңызга ээ эмес. Ж. м. э. у. өзүнө төмөнкү укуктарды камтыйт: ысымга; өздүк ойлоп табуусуна; автордук; жашаган жерин тандоо; абийрин жана ар-намысын коргоо ж. б.). Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте маркумга таандык Ж. м. э. у. башкалар тарабынан, анын ичинде укук ээсинин мураскорлору тарабынан ишке ашырылышы жана корголушу мүмкүн.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]