Шамал энергетикасы

Википедия дан
Жел энергетикасы‎»‎ барагынан багытталды)

Шамал энергетикасышамал энергиясын механикалык, жылуулук же электр энергиясына айландыруучу энергетика тармагы. Шамал энергетикасы — техникалык каражаттарды долбоорлоонун теориялык негиздерин жана практикалык ыкмаларын иштеп чыгуу үчүн жел техникасы менен шамал энергиясын туура пайдалануунун теориялык жана практикалык жактарын, шамал курулмаларын рационалдуу пайдалануу жана алардын техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүн, ошондой эле эл чарбасында колдонуу тажрыйбаларын жалпылоо үчүн желди пайдалануу болуп бөлүнөт.

Шамал энергиясы — Жер атмосферасындагы аба кыймылына айланган Күн энергиясынын бир бөлүгү. Күн нуру жер бетин жана абаны тегиз жылытпайт. Ысыган аба туш тарапка кеңейе баштайт. Жер бети жана аба тегиз жылыбагандыктан, абада басымдын айырмасы түзүлүп, абанын же шамалдын кыймылы пайда болот. Шамал абанын басымы көп жактан аз жакты көздөй жылат. Шамал басымынын айрымачылыгы канчалык чоң болсо, аба агымы ошончолук тез жылып, шамал катуу болот. Шамал энергиясын айыл чарбасында пайдалануу келечектүү.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1