Жем - эксплуататор

Википедия дан
Жем (азык)‎»‎ барагынан багытталды)

Жем (азык) – эксплуатор – түр аралык биоталык катнаштын бир түрү. Биоталык катнашты төмөндөгүдөй карасак болот.

  1. Жырткыч жана жем (азыгы);
  2. Мите жана ээси;
  3. Фитофаг жана өсүмдүк.

Бул мамилелер аркылуу түр популяцияларынын санын жөнгө салуу менен өзүн-өзү жок кылуучу тенденциялардан сактап турат. Биоценоздогу бул байланыштар түздөн-түз азыктык (трофикалык) байланыштар болуп эсептелип, бир организм үчүн (жырткыч, фитофаг, мите) оң, ал эми экинчи бир организм үчүн (азыгы менен ээси, өсүмдүк) терс таасир этет. Жалпысынан алганда азык-эксплуататор байланыштарындагы организмдердин азыктык байланышындагы эволюциялык, экол. мааниси чоң. Эксплуататор активдүү түрдө көп энергия жумшоо менен азыгын таап жейт. Ал эми анын азыгы жырткычка карата коргонуу, качуу жана башка жолдор менен карама-каршы мамиле жасайт. Ушунун натыйжасында Жем–эксплуататордун ортосундагы коэволюциялык процесстеги табигый тандоонун натыйжасында алар белгилүү морфологиялык-анатомиялык түзүлүшкө жана аракеттерге ээ болушат. Ошентип, коэволюциялык байланыштардын натыйжасында бири-бири менен болгон мамилелер белгилүү деңгээлде теңсалмактуулукка ээ болот. Ошондой эле бул мамилелердин натыйжасында алар зат айлануу жана энергияны багыттоо кызматын аткарууга активдүү катышат, бири биринин санын жөнгө салып туруу аркылуу экол. тең салмактуулук сакталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4