Женева макулдашуулары (1962)

Википедия дан

Женева макулдашуулары (1962) – Лаос маселесин жөнгө салуу үчүн 1961-ж. 16-май – 1962-ж. 23-июлда Бирма, Улуу Британия, Вьетнам Демократикалык Республика, Индия, Камбожа, Канада, КЭР, Лаос, Польша, СССР, АКШ, Таиланд, Франция, Түштүк Вьетнам өкүлдөрү Женева (Швейцария) кеңешмесинде кол койгон документтер. Женева макулдашуулары боюнча кеңешме СССР менен Улуу Британиянын демилгеси боюнча чакырылган. Ага 1962-ж. июнда Лаостун өзүндө коалициялык өкмөт түзүүгө макулдашкан үч саясий күчтүн (бейтарапчылар, патриоттук фронт, оңчул топ) өкүлдөрү да чакырылган. Женева макулдашууларыда Лаостун бейтараптыгы жөнүндө декларация кабыл алынып, анда кеңешмеге катышкан өлкөлөр Лаостун көз карандысыздыгын, аймагынын бүтүндүгүн, өз алдынчалыгын урматтоого тийиш деп көрсөтүлгөн. Декларация боюнча Лаостун аймагында жарандык согуш токтотулуп, чет элдик аскер күчтөр чыгарылмак. Бул келишимдердин аткарылышын көзөмөлдөөгө Индия, Польша жана Канада мамлекеттеринин өкүлдөрүнөн эл аралык комиссия түзүлгөн. Бирок АКШ Ж. менен бузуп, Лаостун оңчул топторунун патриоттук күчтөргө каршы согушуна (1963-ж. апрелден) жардам берген. Натыйжада Лаостун ички абалын жөнгө салуу үзгүлтүккө учурап, коалициялык өкмөттүн иши токтогон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1