Жергиликтүү климат

Википедия дан

Жергиликтүү климат - мезоклимат – бир же бир нече метеостанция тарабынан иликтенген, табигый шарттары бир түрдүү болгон чакан аймактын климаты (мисалы, токой массиви, деңиз жээги, анча чоң эмес шаар климаты жана башка). Таралуусу боюнча жергиликтүү климат макроклимат менен микроклиматтын ортосунда өтмө абалда. Жергиликтүү климаттын өзгөчөлүктөрү ошол аймактагы жер бетинин түзүлүшүнө (анын топографиясына, топурак, өсүмдүктөрүнүн мүнөзүнө, шаар курулуш иштерине жана башка) байланыштуу. Мындай өзгөчөлүктөр айрыкча атмосферанын төмөнкү катмарларында (бир нече жүз м бийиктикке чейин) байкалат. Жергиликтүу климаттын кубулуштарына көптөгөн жергиликтүү шамалдар да кирет; мисалы, Ысык-Көлдөгү Улан, Сан-Таш шамалдары.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1