Жердин ченемдик баасы
Жердин ченемдик баасы – өзүн-өзү актоо мүмкүнчүлүгүнөн чыгып, белгилүү бир сапатка ээ болгон жерде жайгашкан жер участкасынын баасын мүнөздөй турган көрсөткүч. Ж. ч. б. натуралдык жана нарктык көрсөткүчтөрдүн тутумунун жардамы аркылуу жүргүзүлөт да мыйзамдарда белгиленген тартипте аныкталат. Ж. ч. б.: жерди пайдалануунун натыйжалуулук деңгээлин, жер салыгынын бычымын эсептөөнү, жер участокторун сатууда алардын адепки баасын, жерлерди мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюуда келтирилген коромжулуктар менен зыяндардын ордун толтурууну белгилөө үчүн жүргүзүлөт. Ж. ч. б-сы боюнча маалыматтар жерге баа берүүчү маалыматты түзөт. Жер участкасын жеке менчикке сатууда, ипотекалык келишимдерди түзүүдө, банк кредитин жолжоболоштурууда Ж. ч. б. жер мамилелерин жөнгө салат. Жер участкасынын ченемдик баасы КР Өкмөтүнүн алдындагы кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан жүргүзүлөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
| Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |