Жер-Үй алтын кени

Википедия дан
Жерүй алтын кени‎»‎ барагынан багытталды)

Жер-Үй алтын кениТалас районунда, Кара-Ой кыштагынан 26 км аралыкта, Талас тоо кыркасынын түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 3205-3710 метр бийиктикте жайгашкан. 1969-жылы табылган. 1974–1984-жылдары геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлүп, кору бекитилген. Кен аймагы кембрий-ордовик мезгилиндеги кварцтуу диориттерден, кварцтуу сиенит-диориттерден, монцодиориттерден, дайкалар менен жирелген рифейдеги мраморлордон, доломиттерден, сланецтерден, филлиттерден жана ордовиктеги аларды жаап жаткан андезиттүү порфириттердин туфтарынан турат. Кенташ линза, уя, тарам, тарамча түрүндөгү алтындуу кварц, метасоматоз жолу менен кварцташкан тектер менен байланышкан. Кенташ тулкуларынын чогулушу штокверктерди түзөт. Негизги минералдары: нак алтын, висмутин, пирит. Алтындан башка күмүш, висмут кездешет. Кен таштагы алтындын орточо өлчөмү 6,3 г/г запасы 74,684 тонна.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]