Жер заряды
Көрүнүш
Жер заряды – Жер шарындагы жана аны курчап турган атмосферадагы электр заряддары. Электр талаасындагы күч сызыктардын тик ылдый таралышынан Жер терс, ал эми жогору карай заряддын азайышынан атмосферанын төмөнкү катмары оң заряддуу деп аныкталган. Алар бири бирин теңдеп тургандыктан, Жер шарынын жалпы заряд белгиси – бейтараптуу. Жер зарядынын орточо тыгыздыгы 3,45·10–4 CGSE, ошондуктан анын терс заряд өлчөмү 17·1014 CGSE.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1