Мазмунга өтүү

Жер мамилелери

Википедия — ачык энциклопедия

Жер мамилелери — мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын, жарандардын ортосундагы, ошондой эле жер ресурстарын мамлекеттик башкаруу боюнча коомдук мамилелер. КР жер мыйзамдарына ылайык мамлекет, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, КР юридикалык жактары жана жарандары жер мамилелеринин катышуучулары болуп саналышат. Чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар жана четөлкөлүк юридикалык жактар КР мыйзамдарында каралган шарттарда гана жер мамилелеринин катышуучулары боло алышат. Жер м-дин объекти жер участкалары жана аларга болгон укуктар болуп эсептелет.

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7