Жер эллипсоиди
Көрүнүш
Жер эллипсоиди – геоид фигурасына эң окшош айлануу элипсоиди; анын көлөмү жана Жер тулкусундагы абалы градустук ченөө, тартылуу күчүнүн ылдамдануусун өлчөө жана Жердин жасалма жандоочусу аркылуу байкоо менен аныкталат. Ал геодезия, картография жана башкалардын илимий жана практикалык маселелерин чечүү үчүн кабыл алынган. КМШда жана башка айрым өлкөлөрдө Красовскийдин эллипсоиди колдонулган. Анын өлчөмү: чоң жарым огу (экватор радиусу) 6378245 м, уюлдук кысылуусу 1:298.3; багыт алышы Пулков обсерваториясынын башкы залынын борбору аркылуу өткөн узундук менен аныкталат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1