Жети-Суу облусу
Координаты: неизвестный формат аргумента
| ||
| Өлкө |
Орусия империясы | |
|---|---|---|
| Административдик борбор |
Верный | |
| Негизделген күнү |
23-июль, 1867-жыл | |
| Жоюлган күнү |
27-октябрь 1924-жыл | |
| Калкы |
987 863 | |
| Улуттук курамы |
кыргыз-кайсактар, великоросстор, таранчылар, малоросстор, сарттар, кытайлар, татарлар, дунгандар | |
| Аянты |
402 200 км² | |
| Тууралыгы | ||
| Узундук | ||
Жети-Суу облусу (орус. Семиреченская область, 1922-жылдын 22-октябрынан – орус. Джетысуйская область) – Орусия империясынын жана Советтик Орусиянын 1867-жылдын 11-июлунда түзүлгөн администативдик-аймактык бирдиги.
Сыр-Дарыя облусу менен чегарасы Кургаты жана Чүй суулары боюнча өткөн. Жети-Суу облусуна азыркы Кыргызстандын бир катар аймактары – Ысык-Көл (кийин Каракол), Токмок (кийин Пишпек) уезддери да кирген. Жети-Суу 1882-жылга чейин Түркстан генерал-губернаторлугунун курамында болгон. 1882–1898-жылы Талаа генерал-губернаторлугуна, 1899-жылдан кайрадан Түркстан генерал-губернаторлугуна баш ийген. 1917-жылга чейин 1891-жылкы "Талаа эрежеси" менен башкарылган.
1918-жылдын 30-апрелинде Түркстан АССРинин административдик-аймактык бирдиги болуп калган. 1924-жылдын октябрындагы улуттук-аймактык бөлүштүрүүнүн натыйжасында жоюлган[1].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.