Жети-Өгүз өрөөнү

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Жети-Өгүз өрөөнү.

Жети-Өгүз өрөөнү Ысык-Көл ойдуңунда. Тескей Ала тоонун түндүк капталында, Жети-Өгүз суусунун алабында жайгашкан. Жети-Өгүз районунун аймагында. Аянты 63,0 км2 узундугу 28,5 км, туурасы 8–11 км. Басымдуу бийиктиги 2000–3500 м. Курортко чейин тепши сымал өрөөн, андан жогору V формасына өтүп, каптал өрөөндөр жана кокту-колоттор менен тилмеленген. Өрөөндүн этек бөлүгү салааланган кургак сайлуу, дөңсөөлүү адырлардан турат. Жети-Өгүз кыштагынан жогору чыга бергенде суунун оң тарабында кенен Казанбак түздүгү, ал эми суунун сол тарабында тик кашаттуу Ак жар тектирлери (үчөө) жатат. Рельефи жалпысынан тоолуу; терең жана кууш каптал өрөөндөрү көп. Капчыгай оозундагы адырлар улам жогорулаган сайын анча бийик эмес : (1800 – 2200 м) бөксө тоого, орто бийиктиктеги (2200–2800 м бийиктикте) тоолорго, тик капталдуу (30–50 °) бийик (3000 м ден жогору) тоолорго өтөт. Өрөөн уникалдуу ландшафттары жана курорт байлыгы менен өзгөчөлөнөт. Табияты (токой чарбасынан жогору карай) өтө кооз. Суунун сол тарабынан, Бөйрөк деген жерден орун алган Жетөгүз курортунун (2200–2400 м) аймагы, анын түндүк жагындагы Кызыл жар аскасынын норамасы өзүнүн табигый кооздугу менен көп элге маалым. Анын чыгыш уландысы Кызыл үңкүр деп аталат. Асканын түндүк капталы (ортосунан жарылган) жүрөк формасын элестеткендиктен, аны «Жарылган жүрөк» деп жүрүшөт. Ушул аскалардын сырткы көрүнүшү экзодинамикалык (атмосфералык жаан -чачын, күндүн радиациясы, үбөлөнүү ж. б .) процесстердин таасиринен пайда болгон. Курорттон жогору өрдөй бергенде капчыг ай 3–4 км аралыкка кууш тартып, анданчыга бергенде шиберлүү Көк жайык түздүгүнө өтөт. Ал Жети- Өгүздүн кенен жана тегиз, дем алууга ыңгайлуу жайы. Бул жерде кыргыздын улуттук оюндары өткөрүлүп келген. Көк жайыктан жогору капчыгай кууш тартып, каптал өрөөндөр (Ат жайлоо, Асан токум, Бай төр, Өөн төр, Кыргый уя, Телти, Аю төр, Чуңкур төр, Ашуу төр ж . б.) менен тилмеленген. Өрөөндүн ооз жагы жана Жети-Өгүз курортунун аймагы неогендин кум, чопо, конгломерат, Көкжайыктан жогору негизинен палеозойдун акиташ теги, гранит, сланец тектеринен түзүлгөн. Климаты мелүүн континенттик; июль айынын орточо температурасы 14,8 °С, январдыкы —8,4 °С. Жылдык жаан-чачыны 500–600 мм. Өрөөн аркылуу Жети-Өгүз суусу агып өтөт. Анын жайылмаларында кайың, тал, чычырканак, бөрү карагат, итмурун, жылгын ж. б. жыгач жана бадал өсүмдүктөрү жыш өсөт. 1800–2200 м бийиктикте талаа, 2200–2800м де шалбаа бадал аралаш карагайлуу токой, 2800—3400м де субальп жана альп шалбаа ландшафттары мүнөздүү. Карагайлуу токой негизинен тоонун түндүк капталдарынан орун алып, айрым жерлеринде чер токойду түзөт. Күнгөй беттеринде жана токой тилкесинен жогору арча өсөт. Деңиз деңгээлинен 3400м ден жогору кар, мөңгүлүү аскалар ээлейт. Өрөөндө 1958-жылы Жети-Өгүз заказниги уюшулган. Курорттун аймагынан минералдуу булактар чыгат (Жети-Өгүз минералдуу суусу). Аны Жети-Өгүз курорту пайдаланат.

Адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.: 2004 ISBN

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]