Жефф Безос

Жеффри Престон Безос (англ. Jeffrey Preston Bezos; туулгандагы аты Jorgensen; 1964-жылы 12-январда туулган) - Америкалык технология жана чекене соода ишкери, инвестор, компүтер илимпозу, филантроп. Ал дүйнөдөгү эң ири чекене соода сайты Amazon.com'дун негиздөөчүсү, төрагасы жана аткаруучу директору катары таанымал. Компания китептерди интернет аркылуу сатуу менен иш баштап, продукциялар менен кызматтардын кеңири тармагына чейин кеңейген. Соңку кызматтарга видео агым жана аудио агым кызматтары кирет. Amazon.com учурда дүйнөлүк желедеги эң чоң интернет соода компаниясы болуп саналат. Ошондой эле, ал өзүнүн Amazon Web Services бутагы аркылуу булут инфраструктуралык кызматтарды көрсөткөн дүйнөдөгү эң ири камсыздоочу.