Көкө уулу Жеңижок

Википедия дан
Жеңижок Өтө Көкө уулу‎»‎ барагынан багытталды)

Көкө уулу Жеңижок (туулганда берилген ысымы — Өтө) же Жеңижок (1860—1918) — кыргыздын залкар төкмө акыны.

Көкө уулу Өтө
[[Файл:|280px|Көкө уулу Өтө]]
 
Туулган жери: Манас ооданы, Талас дубаны
Каза болгон жылы: 1918 жыл(1918)
Каза болгон жери: Аксы району
Жубайы: Көксулуу
Балдары: 1 уул (ысымы белгисиз)
Кесиби: акын

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ырчы, төкмө акын Өтө Көкө уулу 1860-жылы Талас өрөөнүндө Кара-Буура районундагы Жийде айлында туулган. Анын айылын азыркы Кыргызстандын Талас облусуна караштуу Манас районундагы Сары-Көбөн айылы катары да көрсөтүшөт[1].

Ал кыргыздын кытай уруусунун чоодан уругунан болгон.

Жашынан томолой жетим калып, Аксы, Анжиян тараптагы таякелеринде, кийин Кара-Суу кыштагындагы жакын таякеси Айныкеникинде жүргөн.

Өтө Көкө уулу жаштайынан тоголок жетим калып турмуштун тозогун көп тарткан. Анысы аз келгенсип, ала оорусуна чалдыгып калат. Ошондо айылды бийлеп турган бир бай жугуштуу оорудан коркуп, баланы өлтүрүп салууну буюрат. Бирок жаш балага кол көтөрө албаган байдын жигиттери аны соодагерлерге кошуп, качырып жиберишет.

Ал Аксы жергесинин Кара-Суу кыштагына энеси Алтынайдын туугандары тарапка жер которуп келген. Өтө өмүрүнүн акырына чейин ошол жерде жашап өтөт.

Ырчы атыгып калганда Фергана, Кетмен-Төбө, Талас өрөөндөрүн кыдырган.

Жеңижок атыгышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жаш акын Өтө Көкө уулу өз достору менен Кербендин базарына кирип калып, ал жерде топтошкон элдин ортосунда ошол кездеги атактуу ырчы Нурмолдо тиги дүйнөдөгү бейиштин жыргалчылыгын ырдап, тозокко түшкөндөрдү эмне күтүп турганын саймедиреп жаткан болот.

Ал сөзүнүн аягына чыкканда жеңи чолок кемселчен жаш ырчы комузун колуна алып, өзүнөн улуу акынга салам айтып шаанисин кылып, андан соң ушул дүйнөнүн жыргалын, биздин жердин бейиштен сулуулугун ырдап, малдуу-жандуулар, ырчылык менен молдочулукту ажырата билүүсүн айта кетет. Ошондо Нурмолдо тили так, сөздү орду менен таба билген акылы терең жигиттин сөзүнө жыгылган дешет.

Чогулган эл кемсел кийген жаш ырчынын аты-жөнүн билбегендиктен, "Бул жеңи жок таап айтты. Жеңи жок кыйын ырчы экен!" дешип, ошондон тартып баягы ырчы Жеңижок аталып, элге таанылган. [2]

Жеңижок заманачыл акын жана ойчул Арстанбек Буйлаш уулунун да батасын алган.

Жеңижок 1918-жылы Жаңы-Жолдо (Аксыда) дүйнөдөн кайткан.

Чыгармачылыгынын өзгөчөлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеңижок тарбиялык мааниси терең, уккандын акылына уюй турган кептерди уйкалыштырып айткан чоң нускоочу акын, айтыштын жеңилбеген устаты, «Манас», «Семетей(жеткиликсиз шилтеме)», «Кожожаш»(жеткиликсиз шилтеме), «Эр Төштүк»(жеткиликсиз шилтеме) сыяктуу дастандарды күндөп-түндөп айткан жомокчу, жаза жана окуй билген билимдүү адам болгон.

Таанымал шакирти, акын Коргол Досуевдин:

Ак калпактуу кыргыздан,

Айтышаарга теңи жок…

Эки жаактуу пендеден

Эрегишээр теңи жок.

Элдин анык булбулу,

Элеп төккөн чени жок, - деген сөздөрү да Жеңижоктун чеберчилигине берген бийик баасын көрсөтөт.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • https://sputnik.kg/reference/20150922/1018546872/zhe-izhok-omur-bayany.html
  • http://www.bizdin.kg/elib/kitepter/html/akyndar/jenijok/section37.html#title39(жеткиликсиз шилтеме)
  • Сырткы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

    Залкарлар. Жеңижок(жеткиликсиз шилтеме)