Жеңил атлетика

Википедия дан

Жеңил атлетикаспорттун негизги түрү. Ага түрдүү аралыкка басуу, чуркоо, бийиктикке жана узундукка секирүү, ыргытуу жана башка кирет. Жеңил атлетика менен машыгуу булчуңдарды өстүрөт, жүрөк-кан тамыр, дем алуу жана нерв системасын, таяныч-кыймыл аппаратын бекемдейт, зат алмашууну жогорулатат, организмди чыңдайт. Жеңил атлетика менен машыгуу көбүнчө ачык жерде, таза абада өткөрүлгөндүктөн анын ден соолукту чыңдоого артыкчылыгы бар. Азыркы кездеги жеңил атлетика спорту беш бөлүмдөн: жөө басуу, жүгүрүү, секирүү, ыргытуу жана жеңил атлетиканын көп түрүнөн турат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

ky:Атлетика