Жиберүү ылдамдыгы

Википедия дан

Жиберүү ылдамдыгы - (Transfer rate- Скорость передачи). Байланыш каналынын жиберүү ылдамдыгы диапазондун туурасы жана ылдамдыгы менен аныкталат. Диапазондун туурасы – байланыш каналы алып жүрө турган диапазондун жыштыгы. Канал диапазонунун турасы чоң болсо, канал боюнча чоң жыштык жиберилет. Диапазондун туурасы чоң болсо, бир багытта чоң өлчөмдөгү берилиштер жиберилет. Берилиштерди жиберүү ылдамдыгы бит/сек менен туюнтулуп, ал бир секунд ичинде жиберилүүчү биттердин санына барабар. Мисалы, ар бир тамганы көрсөтүү үчүн 10 разряддуу байт (8 маалыматтык разряд, 1 бит башкы жана 1 бит аякы – стоп) колдонулса жана ылдамдыгы 14400 бит/сек болсо, анда мындай байланыш канал секундуна 1440 тамга жиберүүгө жөндөмдүү. Ар жылы байланыш мекемелери бул көрсөткүчтү чоңойтуу үчүн жаңы методдорду жана техноложилерди иштеп чыгышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

У. Н. Бримкулов, А.Өмүралиев, В.Бабак.
Компьютер жана Интернет. Энциклопедиялык окуу куралы
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек - 2004.