Жийделик, үңкүр

Википедия дан

Жийделик үңкүрүБаткен облусунун Кадамжай районундагы карст үңкүрү, табият эстелиги.
Шаймерден суусунун оң жээгинде, Кадамжай шаарчасына жакын жайгашкан.
Жалпы узундугу 180 м. Түрдүү кристаллдык жана минерал заттардын тамчылап агышынан пайда болгон формалар мүнөздүү.
Бир нече залы бар. Төмөнкү залында жылуу көлдөр жайгашкан. Үңкүрдү кидик такатумшук жарганаттар мекендейт. 1975-жылдан геологиялык заказник.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

*Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.: 2004. Archived 2013-07-28 at the Wayback Machine ISBN 9967-14-006-2