Жин сүрөсү

Википедия дан
  • 72-сүрө

Жин сүрөсү[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Меккеде түшүрүлгөн. Жыйырма сегиз айаттан турат.
  • Кыргызча котормо мааниси
  • Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
  • 1. Айт[2]! «Мага кабар берилди. Жиндердин бир тобу китептин окулганын угуп алышып: «Биз чындыгында кереметтүү Куранды уктук», – дешти.
  • 2. «Ал чыныгы түз жолго баштайт. Биз ага ишендик. Биз Эгебизге эч бирөөнү шерик кылбайбыз, Анын өзүнө гана сыйынабыз»,
  • 3. Акыйкатта мартабасы бийик, аруу Эгебиздин айалы, же баласы да жок».
  • 4. Биздин бир нааданыбыз[3] Аллага каршы жалганды тараткан».
  • 5. Биз: адамдар да, жиндер да Аллага каршы эч жалган айта албайт – деп ойлогонбуз.
  • 6. «Албетте, кээ бир эркек инсандар эркек жиндер менен сактанышаар эле. Ошентип алар өздөрүнө адашууну гана арттырышкан».
  • 7. «Алар да[4] силер сыйактуу[5] эле Кудай эч кимди тирилте албайт деп ойлошкон».
  • 8. Биз асманга барып такалдык да, анын кубаттуу корукчу[6] жана жылдыздар менен толтура экенин[7] көрдүк.
  • 9. «Биз ал жерде угуу үчүн[8] бир орундарга олтуруп алар элек. Азыр ким уккусу[9] келсе, ал өзүн байкап турган жылдызды көрөт».
  • 10. «Акыйкатта, бул – жердегилер үчүн жамандыкпы же аларды Алла түз жолго багыттоону каалаганбы, биз[10] билбейбиз»[11].
  • 11. «Биздин арабызда[12] жакшылары да, андай эместери[13] да бар. Биз ар кыл жолдордо жүргөнбүз».
  • 12. «Бирок биз: Алланын жердеги кудуретин алсыратууга биздин күчүбүз жетпешин жана Анын жазасынан качып кутула албашыбызды билдик».
  • 13. «Акыйкатта, түз жол тууралуу угарыбыз менен биз ага дароо ишендик». Анан ким Эгесине ишенсе ал кемип[14], же көбөйүп[15] кетүүсүнөн коркпойт.
  • 14. «Биздин арабызда мусулмандар да жана адашкандар да бар. Ким Кудайга баш ийсе, ошолор чыныгы жолго түшүүнү максат кылыптыр».
  • 15. «Ал эми адашкандар[16] – Тозок үчүн отун болушту».
  • 16. Эгерде алар түз жолдо бекем турушканда, биз аларды берекелүү суу менен сугарат элек.
  • 17. Биз аларды[17] ошентип сынамакпыз. Ким өз Эгесин эстөөдөн баш тартса, аны Ал катуу жазага тартат.
  • 18. Мечиттер – бир гана Аллага сыйынуу үчүн, андыктан ал жерлерде Аллага шерик кылып башкага сыйынбагыла!
  • 19. Мына, Алланын кулу[18], Ага[19] турган кезде, алар[20] аны жакындан курчап алышты.
  • 20. «Мен бир гана Аллага чакырам[21], Ага эч кимди шерик кылбаймын» – деп айткын.
  • 21. Айт: «Мен силерге бир жамандык да жеткире албаймын, жакшы жолго да сала албайм».
  • 22. «Мени Алладан[22] эч ким сактап кала албайт, жана Андан[23] башка коргоочу да таба албайм.
  • 23. Тек гана Алланын (буйругун) жана динин жеткизүүгө (милдеттүүмүн). Кимде-ким Аллага жана Анын элчисине күнөөкөр болсо, албетте, анда ал тозок отуна (түшөт). Ал ошол[24] жерде түбөлүккө кала берет».
  • 24. Аларга убада кылынган нерсени көрүшкөн кезде, ким сан жагынан аз жана алсыз экенин билет.
  • 25. «Мен силерге убада кылынган нерсеге[25] канча калганын билбеймин. Балким Алла узаак бир мөөнөттү белгилеп койгондур», – деп айт.
  • 26. Кайып Билүүчү Ал өз сырларына эч кимди жолотпойт.
  • 27. Бирок өзү тандап алган[26] элчисинин алдынан да, артынан да сакчыларды[27] жиберип койот.
  • 28. [28]Эгелеринин жибергенин жеткиргендигин билүү үчүн аларды[29] туш тарабынан курчап турат, жана бардык нерсенин санын тактап койгон.