Мазмунга өтүү

Жогорку вольттуу разряддар

Википедия — ачык энциклопедия

Жогорку вольттуу разряддар - электроддордун потенциалдарынын айырмасы чоң болгон учурда газда болуучу электр разряддарынын түрлөрү.

Мисалы, атмосферадагы чагылган, жогорку вольттуу аппараттын бөлүктөрүнүн же электр энергиясын берүүчү линиялардын ортосундагы авариялык разряддар, тарамдуу, учкун ж. б. разряддар.

Көпчүлүк Жогорку вольттуу разряддардын болуп өтүшү импульстук мүнөздө болуп, разряд пайда болгондон кийин чыңалуусу бат эле төмөндөйт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.