Мазмунга өтүү

Жокьякарта Принциптери

Википедия долбоорунан

Жокьякарта принциптери – бул сексуалдык ориентация жана гендердик иденттүүлүк маселесине байланыштуу адам укуктары боюнча документ. Документ 2006-жылы (Индонезия) Жокьякарта шаарында өткөн эл аралык укук коргоо уюмдарынын жыйынынын жыйынтыгында жарыяланган.

2017-жылы принциптер кеңейтилип, толукталган. Анда жаңы жыныстык белгилер жана гендердик өзүн билдирүү (гендердик экспрессиянын) сыяктуу бир катар принциптер кошулган [1].

Принциптер Бириккен Улуттук Уюмунун (БУУ) адам укуктары боюнча системасына, мамлекеттерге, адам укуктары боюнча улуттук институттарга, маалымат каражаттарына, өкмөттүк эмес уюмдар жана башка түзүмдөр үчүн сунуштарды камтыйт.

Бул принциптерди иштеп чыгууда БУУнун Адам укуктары боюнча мурдагы Жогорку комиссары, БУУнун көз карандысыз эксперттери, эл аралык келишимдердин аткарылышын көзөмөлдөгөн БУУ комитеттеринин мүчөлөрү, судьялар, жарандык активисттер жана илимпоздор катышкан.

2006 – Жокьякарта принциптери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Принциптер – бул укуктук маселелер каралган кеңири документ [2].

Кириш сөздө, сексуалдык ориентация жана гендердик иденттүүлүктүн негизинде адам укуктарынын бузулушу камтылган. Аталган себептер менен укугунун бузулушу адамдын ар-намысына шек келтирери белгиленет. Тиешелүү укуктук негиздер аныкталып, негизги терминдерге аныктамалар берилет.

  • 1-3 Принциптерде: бардык укуктарды жана эркиндиктерди пайдаланууга, дискриминацияга каршы жана укук субъекттүүлүгү катары таанылууга (бул укук - адамды укук чөйрөсүндө таанууга жана ага тиешелүү болгон укуктарды колдонууга шарт түзөт) укугу бар экени айтылат.
    • Мисалы:
      • Гомосексуалдуулукту кылмыш деп эсептеген мыйзамдар дискриминацияга каршы эл аралык укукту бузат (БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин расмий позициясы). Борбор Азиянын эки өлкөсүндө (Өзбекстан [3] жана Түркмөнстан [4]) азыр да мындай мыйзамдар бар.
  • 4-11 Принциптерде эркин жашоого жана жеке кол тийбестикке болгон укук жазылган. Зомбулукка жана кыйноого алынбашы керек экени белгиленет.
    • Мисалы:
      • Айрым өлкөлөрдө “бир жыныстагы адамдар өз ыктыяры менен жасаган жыныстык катнашы үчүн [5]” өлүм жазасын караган мыйзамдар бар. БУУнун резолюция мындай мыйзамдарга карама-каршы келет.
  • Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар Принциптердин 12-18-бөлүмдөрү менен жөнгө салынат. Анда социалдык камсыздандыруу, билим берүү, сексуалдык жана репродуктивдик саламаттыгы жана хирургиялык жол менен жынысын өзгөртүүдө дискриминацияга каршы туруунун маанилүүлүгү белгиленет.
    • Мисалы:
      • 2024-жылы Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар боюнча комитет Кыргызстандын отчетун карап, трансгендер адамдарга каршы дискриминациялык чектөөлөргө тынчыздануусун билдирген. “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө [6]” мыйзамында, трансгендер адамдар үчүн гендердик өзгөртүү процедураларын колдонуу боюнча минималдуу курак 25 жашка чейин көтөрүлгөн. Бул чектөөлөр трансгендер адамдардын саламатыгы жана гендердик өзгөртүү боюнча укуктарына таасир этет [7](жеткиликсиз шилтеме).
  • Принциптердин 19-21-бөлүмдөрү адамдын ой-пикир жана ишенимдерин эркин билдирүүгө, ошондой эле бирикмелерди түзүү эркиндигине болгон укукту жөнгө салып, коргойт.
    • Мисалы:
      • БУУнун Адам укуктары боюнча эксперттер тобу Кыргызстандын парламентин «ЛГБТИК адамдарга оң мамиле түзүүгө болгон аракеттер үчүн” Жазык жана административдик жазага тартууну сунуштаган мыйзам долбоорун четке кагууга чакырган [8].
  • Принциптердин 22 жана 23-бөлүмдөрү адамдардын эркин жүрүү жана башпаанек издөөгө болгон укуктарын жөнгө салат.
    • Мисалы:
      • Сексуалдык ориентациясына байланыштуу куугунтуктан корккон адамдарга башпаанек статусу берилүүгө тийиш (БУУнун Жогорку комиссариатынын сексуалдык ориентация жана гендердик иденттүүлүк боюнча башпаанек берүү өтүнүчтөрү боюнча жетекчилиги) [9].
  • Принциптердин 24-26-бөлүмдөрү адамдардын маданий жашоосун жана үй-бүлө түзүү укугун жөнгө салат.
    • Мисалы:
      • Мамлекет адамдардын жынысына байланыштуу дискриминацияга жол бербеши керек. Мисалы, үй-бүлөдө киреше табуучу каза болгон учурда берилүүчү пенсия, жөлөк-пул сыяктуу жардамдарда адамдарды жынысына карап мамиле кылууга болбойт. (БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин расмий позициясы).
  • 27-Принцип адам укуктарын коргоочуларынын укуктарын жөнгө салат. Бул принцип сексуалдык ориентациясы жана гендердик иденттүүлүгү боюнча дискриминацияга кабылбастан, адам укуктарын коргоо жана жайылтууга укугу бар экени белгиленет. Ошондой эле мамлекетке ушул тармактарда иштеген укук коргоочуларынын укуктарын коргоону камсыз кылуу милдетин жүктөйт.
    • Мисалы:
      • БУУнун атайын баяндамачылары Кыргызстандагы ЛГБТ укуктарын коргогон активисттердин куугунтукталышына тынчсыздануусун билдирген [10].
  • Принциптердин 28 жана 29-бөлүмдөрү натыйжалуу укуктук коргоо укугун жана жоопкерчиликти жөнгө салат.
    • Мисалы:
      • БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары «ЛГБТ адамдарга карата зордук-зомбулукка кылмышы үчүн жазаланбай калышы» жана «мамлекеттердин натыйжалуу коргоону камсыз кылуу жоопкерчилигине» байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.
  • Кошумча сунуштар: Принциптер адам укуктарын коргоо боюнча улуттук институттар, кесиптик уюмдар, донорлор, бейөкмөт уюмдар (НПО), БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары, БУУ агенттиктери, келишим органдар, атайын процедуралар жана башка субъекттер үчүн 16 кошумча сунушту камтыйт.

2017-жыл: Жокьякарта принциптери плюс 10

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кириш сөз: Кириш сөздө эл аралык адам укуктары мыйзамдарындагы өзгөрүүлөр эске салынып, Принциптерди үзгүлтүксүз жаңыртып туруу керек экени айтылат. Анда гендердик өзүн билдирүү жана жыныстык белгилердин аныктамасы жазылат. Бул негиздер баштапкы Принциптерге колдонулат. Жөнөкөй тил менен айтканда 2017-жылы «Жокьякарта принциптери» заман талабына жараша толукталып, гендердик иденттүүлүк, жыныстык белгилер жана интерсекционалдуулук тууралуу жаңы түшүнүктөр киргизилген. Бул өзгөртүүлөр адам укуктарын коргоону дагы да кеңейтүүгө багытталган.
  • 30-принцип – Мамлекет зордук-зомбулуктан жана дискриминациядан коргоо укугун тааныйт.
  • 31-принципке ылайык, адамдын жынысы, сексуалдык ориентациясы, гендердик иденттүүлүгү, гендердик өзүн билдирүүсү же жыныстык белгилери жөнүндө маалыматтар инсандыгын тастыктаган документтерге киргизилбеши керек. Адамдардын бул маалыматтары жок эле бардыгынын укугу бирдей сакталышы шарт.
  • 32-принцип – адамдын денесин жана психикалык өзүн-өзү аныктоо укугун камсыздайт. Бул принцип адамдын өзүнүн денеси жана психикасы боюнча өзү чечим кабыл алуу укугун, ошондой эле эч кимди медициналык процедураларга мажбурлоого тыюу салат. Саламатыгына байланыштуу зарыл чара көрүү учурларын эске албаганда. Бул принциптин максаты – адамдарга өзүн билдирүү эркиндигин жана укуктарын камсыз кылуу.
  • 33-принцип – адамдын түз же кыйыр түрдө кылмыш жоопкерчилигине тартылбашы керек. Бул диний нормаларга, адеп-ахлак мыйзамдарына, коомдук тартипке, пропагандага байланыштуу жазаларга да тиешелүү.
  • 34-принцип – адамдын жокчулуктан жана социалдык обочолонуудан коргооо укугун тааныйт. (Бул принципке ылайык, мамлекет бардык адамдарга, анын ичинде ЛГБТ жарандарга дагы, экономикалык жана социалдык колдоо көрсөтүүгө, аларды кемсинтүүдөн жана коомдон четтетүүдөн коргоого милдеттүү)
  • 35-принцип – ар бир адамдын коопсуз жана тең укуктуу түрдө санитардык жана гигиеналык шарттарга укуктуу. (Бул принципке ылайык, бардык адамдар дааратканаларга, жуунуучу жайларга жана башка санитардык кызматтарга тоскоолдуксуз жана басмырлоосуз жеткиликтүү болушу керек)
  • 36-принцип – интернеттеги укуктар офлайндагы укуктардай эле корголушу керек экенин белгилейт. (Башкача айтканда, адамдар интернетте да эркин сүйлөө, маалымат алуу жана бөлүшүү, басмырлоого жана зомбулукка кабылбоо укуктарына ээ болушу керек).
  • 37-принцип – ар бир адам укук бузуулар жөнүндө билүүгө, иликтөөгө, компенсация алууга жана медициналык маалыматтарга жетүүгө укуктуу. Бул укук мөөнөт менен чектелбеши керек.
  • 38-принцип – ар бир адамдын маданий ар түрдүүлүктү сактоого жана аны эркин жайылтууга укуктуу.
  • Мамлекеттерге кошумча милдеттемелер: ВИЧ-статуска, спортко жеткиликтүүлүккө, дискриминацияга каршы чараларга, башпаанекке, билимге, саламаттык сактоого жана эркин чогулууга кепилдик берүүгө тийиш.
  • Кошумча сунуштар: Принциптерде улуттук укук коргоо мекемелери жана спорттук уюмдар үчүн сунуштар камтылган.

Жокьякарт принциптери 2006-жылдын 6-9-ноябрында Ява аралында дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген укук коргоочулар жана адам укуктары боюнча эксперттер катышкан Эл аралык юристтер комиссиясынын, Эл аралык адам укуктары кызматын жана эксперттердин жыйынында иштелип чыккан. Семинар адам укуктары боюнча учурдагы келишимдер жана мыйзамдарга ылайык мамлекеттердин адам укукугу жаатынданы милдеттерин, сексуалдык ориентация жана гендердик иденттүүлүктү кабыл алуу жана ишке ашыруу маселери талкууланды.

Жыйында иштелип чыккан принциптерди дүйнө жүзү боюнча адам укуктары боюнча адистер, анын ичинде судьялар, окумуштуулар, Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча мурдагы Жогорку комиссары, бей өкмөт уюмдун өкүлдөрү жана башка катышуучулар кабыл алган [11].

Принциптер конференция өткөн Жокьякартанын атынан коюлган. Бул принциптер мамлекеттер тарабынан келишим түрүндө кабыл алынган эмес, ошондуктан адам укуктары боюнча эл аралык укуктун юридикалык милдеттенме болуп эсептелбейт [12]. Бирок, бул принциптер адам укуктары боюнча келишимдерди түшүндүрүү үчүн колдонмо кылууга багытталган.

Принциптер дүйнөдөгү катаал мамилелер боюнча билдирүүлөргө жооп катары иштелип чыккан. Аларга сексуалдык кол салуулар жана зордуктоо, кыйноо жана катаал мамиле, сотсуз өлүм жазасы, намыс үчүн адам өлтүрүү, жеке жашоого кол салуу, жөнсүз камакка алуу, медициналык зомбулук, чогулуу эркиндигинен баш тартуу, ошондой эле жумуш, ден соолук, билим берүү, турак жай, үй-бүлө укугу, сотко жетүү жана иммиграциядагы дискриминация, стигматизация кирет. Бул көйгөйлөр миллиондогон адамдарды камтыйт, чын эле сексуалдык ориентациясы, гендердик иденттүүлүгү үчүн же ошондой делип кол салууга дуушар болгон [13].

Принциптерди түзүүчүлөрү документ адам укуктары боюнча эл аралык укук сексуалдык ориентация жана гендердик иденттүүлүк маселелерин кантип колдонулушуна кеңири түшүндүрмө берилгенин белгилешет. Бул эл аралук укуктарда бекемделип, бардык мамлекеттер милдеттенме алышы керек экенин белгиленет. Алар ЛГБТ адамдары дагы адамдар адам туулгандан эркин жана укуктары бирдей деп таанылгандай эле болушу керек дешет.

Бириккен Улуттар Уюму

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Принциптер Бириккен Улуттар Уюму тарабынан кабыл алынган эмес. Гендердик иденттүүлүк жана сексуалдык ориентацияны жаңы дискриминацияга каршы категориялар катары кабыл алуу аракеттери бир нече жолу Башкы Ассамблея, Адам укуктары боюнча кеңеш жана башка БУУнун органдары тарабынан четке кагылган [14].

Аймактык институттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Европа Кеңеши "Адам укуктары жана гендердик идентүүлүк" деген документте Жокьякарт принциптеринин 3-бөлүмү "өзгөчө мааниге ээ" деп билдирет [15]. Алар мүчө мамлекеттерге "стерилизацияны жана башка түрдөгү мажбурлап медициналык дарылоону, адамдын гендердик идентүүлүгүн мыйзамдар боюнча жыныс алмаштыруу процессинде юридикалык талап катары алып салууга" жана "трансгендерлер үчүн жынысын алмаштыруу, анын ичинде гормоналдык дарылоо, хирургиялык кийлигишүү жана психологиялык колдоо кызматтарын жеткиликтүү кылууга жана аларды мамлекеттик медициналык камсыздандыруу программалары аркылуу төлөп берүүгө" кеңеш берет.

Улуттук институттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Принциптерге көптөгөн өкмөттөр жана соттук чечимдери таянышкан.

2011-жылы 5-майдагы бир добуштан кабыл алынган чечимде Бразилиянын Жогорку федералдык соту дүйнөдө биринчи болуп, бир жыныстуу жарандык союздарды үй-бүлөлүк түзүлүш катары кабыл алган жана аларды гетеросексуалдык үй-бүлөлөр менен укуктар теңдештирилган. Сот бул чечимде Жокьякарт принциптерин маанилүү юридикалык багыт катары көрсөткөн [16](жеткиликсиз шилтеме).

Индиянын Жогорку соту Жокьякарт принциптерине (2007) таянган жана NLSAнын Индия Союзуна каршы иш боюнча (2014) чечим чыгарган. Анда жынысы боюнча өздүк иденттүүлүк укугу таанылып, бинардык эмес жыныс "үчүнчү жыныс" катары таанылган. Сот Жокьякарт принциптери Индиянын Конституциясындагы негизги укуктарга ылайык келген учурда гана кабыл алынышы жана сакталуусу керектигин чечкен [17].

Интерсекс адамдар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жокьякарт принциптеринде интерсекс адамдар жөнүндө аз гана сөз болгон. Азия-Тынч океан аймагынын улуттук укук коргоо институттары форуму (APF) мындай дейт: «Принциптер интерсекс адамдарга карата адам укуктары боюнча эл аралык мыйзамдардын колдонулушун туура жана жетиштүү деңгээлде карабайт. Анда жыныс белгилерин ачык жана так айырмалоо жок [18]».

Бул маселелер жаңыланган Жокьякарт принциптеринде, "плюс 10" версиясында чечилди. Human Rights Watch уюмунан Борис Диттрих жаңылоо «интерсекс балдарды жыныс белгилерин мажбурлап өзгөртүүдөн коргойт» деп белгилейт [19].