Жолбаев, Рүстөм

Википедия дан

Рүстөм (Рустам) Жолбаев - Социалисттик эмгектин баатыры.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1914-жылы азыркы Лейлек районунун Голбо кыштагында туулган. 1943-жылы Сүлүктүдөгү № 4-шахтада навалоотбойщиктердин биригадири болуп калат. Ал киши өз кесибин сүйгөн, изденип, чымырканып иштеген жумушчу болгон. Инсандык сапаты үлгү аларлык оор басырыктуу, кичи пейил адам болгон. Жаштарга насаатчылык милдетин да чын дилдеп аткарган, 75 навалоотбойщикти тарбиялап чыккан. Анын шакирттеринин арасында ардактуу шахтер, орден, медалдардын кавалерлери бар, Мисалы, Темирбай Марипов,- Ленин, “Ардак белгиси” ордендери менен сыйланган.

Эмгек кызматы жана сыйлыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Рүстөм Жолбаев көмүр казууда эмгекти мыкты уюштуруп, эмгек өндүрүмдүлүгүн жогорулатуу бойунча жаны методдорду өндүрүшкө киргизген. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери, “Эмгектеги кармандыгы үчүн” медал менен сыйланган.
1955-жылы Сүлүктү анын кенчилери Кыргыз ССР Жогорку Советине депутатка шайлашкан. Көмүр өндүрүүдөгү көп жылдык эмгек жетишкендиктерин эске алып Социалисттик Эмгектин Баатыры –деген ардактуу наам ыйгарылат. Азыркы убакта Сүлүктү шаарынды баатыр атабыздын уул-кыздары жашоодо. Булардан тышкары да түпкүлүгү лейлектик болуп, Тажикстандын Жигдали кыштагында жашап калган бир топ аталарыбыз жана агаларыбыз Сациалисттик Эмгектин Баатыры болушкан.
Алар: Акмат Саматов Жигдалида “1-Май” колхозунда көп жылдар бою раис (төрага) болуп иштеп, чарбага мыкты жетекчи болуп пахта өндүрүшүнүн планын ашыгы менен аткаргандыгы үчүн Социалисттик Эмгектин Баатыры наамына татыктуу болгон.
Ал жетекчилик кылган колхоздогу пахта бригадирлери Гадай Алыбаев жана Баба Базарбаевдер да Социалисттик Эмгектин Баатыры болгон.

Дүйнөдөн кайтуусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Рүстөм Жолбаев абабыз 1971-жылы июль айында дүйнөдөн кайткан.

Азыркы күндө Сүлүктүдөгү №4-мектепке жана көчөгө Рүстөм Жолбаевдин атына ыйгарылган.
Рүстөм Жолбаев жөнүндө Ош областык, Кыргыз Совет энциклопедияларында маалымат берилген.
Колдонулган адабият: Гапыр Мадаминов "Лейлек жана Лейлектиктер тарыхы" Бишкек. 1998-жыл.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Герои Социалистического Труда Киргизстана. — Фрунзе: Изд. «Кыргызстан», 1966
  • Библиография