Жолдошева Жылдызкан Айтибаевна

Википедия дан

Омур баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1960-жылы 2-мартта Ош областынын Кара-Суу районундагы Кыргыз-Чек туулган.
2001-2010-жылдары Курманжан Датка атындагы кайрымдуулук фондунун төрайымы.

Ишмердуулүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ж.А.Жолдошева

Билими жогорку (Автожол техникуму, техник куруучу 1999-жыл, Фрунзе политехникалык институту, инженер-куруучу).2005-2007-жылдары КРнын Шайлоолор жана референдумдар өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү 2001-1998-жылдары КРнын Маммүлк фондунда бөлүмдүн начальниги болуп иштеген.
1998-1996-жылдары Жалал-Абад мамадминистрациясында губернатордун орун басары 1995-жылы Курманжан Датка атындагы кайрымдуулук фондун коомдук башталышта жетектеген.
Ошол эле убакта көптөгөн долбоорлор менен иштеген жана жетектеген.1996-1993-жылдары 1-Май раймамадминистрациясынын башчысынын орун басары 1993-жылы “Бишкек-93” Эл аралык көргөзмө дирекциясында Бишкек шаары боюнча башкы директор.
1993-1991-жылдары Бишкек шаарындагы Чүй облкеңешинин капиталдык курулуш боюнча кеңешчиси.
1991-1990-жылдары Октябрь райаткомунда курулуш боюнча инспектор 1990-1985-жылдары КР министрлер Советинин иш башкармалыгынын чарбалык башкармасынын эс алуу үйүнүн ТКБсынын начальниги, Фрунзе ш.
1985-1984-жылдары УКС, шааратком, курулуш боюнча инспектор.
1984-1983-жылдары ЭССР Мамбанкында, курулуш боюнча инспектор, Выру ш, ЭССР.
1983-1982-жылдары “Лина” ПОсунун инженери, ОКСАнын начальниги, Выру ш, ЭССР.
1980-1979-жылдары Памир тракторунун башкармалыгында инженер, Ош ш.
1979-жылы Ош СМУТТу, Ош ш. техникум бүтүргөн.
2010-жылдын октябрынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышына “Ата-Журт” идеалисттик демократиялык саясий партиясынан тизме боюнча депутат болгон.
ЮНЕСКО менен биргеликте “Боорукер” фондун “Мээрим эне” наамы менен сыйланган.

Мамлекеттик сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы.
“Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

Шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]

http://www.kenesh.kg/Articles/440-DZHOLDOSHOVA_ZHyldyzkan_Ajtibaevna__AtaZHurt_deputattyk_frakciyasy_.aspx(жеткиликсиз шилтеме)