Жолдоштук соттор
Көрүнүш
Жолдоштук соттор – командирлердин жетекчилигинде иштөөчү аскердик коомчулук органы, командирлер иштөөгө ыңгайлуу шарттарды камсыз кылууга, окуу уюштурууга жана көзөмөл жүргүзүүгө ж. б. тийиш. Ж. с. бекем аскердик тартипти жана укук тартибин камсыз кылууга, куралдуу күчтөрдүн өздүк курамынын ичинде тартип бузууларды алдын алууга көмөктөшүүгө чакырылган. Ж. с. өздөрүнүн отурумдарында аскер кызматкерлеринин тиртип бузууларын гана карашпастан, аларга коомдук таасир этүү чараларын көрүшөт, ошондой эле башка түрдөгү алдын алуу, укуктук тарбиялоо иштерин жүзөгө ашырышат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7