Жолдош сурамай, шерик сурамай

Википедия дан

Жолдош сурамай, шерик сурамай - жаштар оюну.
Көк майсаңга бир кыз, бир уландан жуп болуп уй мүйүз тартып отурушат.
Оюн башчы «Кимге жолдош керек?» - дейт. Алар «мага» дешип кол көтөрөт. Оюн башчы отургандардын бирөөнө «сага ким керек?» дегенде, ал каалаганынын атын атайт. Аты аталгандын жубу ага өз шартын коёт. Жолдош сураган кыз же жигит шартты аткарса, каалаганын жанына отургузуп алат. Суралган оюнчунун жубу жанындагысын бергиси келбесе, жолдош сураган ага шартын айтат. Эгер шартты аткарса (ырдаса, бийлесе ж.б.) жолдошун алып калат. Кээде жубу өзүнө жакпаган учурлар да болот. Ал учурда жубун биринчи эле сураганга берип жиберип, өзүнө башка жуп издейт.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кадыров Ысмайыл. Кыргыз маданиятынан тамган тамчылар. –Б.: 2011. – 208 б.