Жолио-кюри Ирен

Википедия дан

Жолио-кюри Ирен - (12. 9. 1897, Париж – 17. 3. 1956, ошол жерде) – француз физиги, коомдук ишмер, СССР ИАнын корреспондент мүчөсү (1947). П. Кюринин кызы. Париж университетин бүтүргөн (1920), 1934-жылдан Париж университетинин физика кафедрасын башкарган. Жолио-кюринин негизги илимий иштери жасалма радиоактивдүүлүктү, ошондой эле аннигиляция процесстерин изилдеген. Ал серб физиги П. Савич менен бирге (1939) урандын нейтрон менен нурдантканда катар номуру 57 болгон элемент – лантанды алган. Жолио-кюринин бул илимий табылгалары ядронун бөлүнүү реакциясын изилдөөдө чоң мааниге ээ болгон. Тынчтыктын Бүткүл дүйнөлүк кеңешинин мүчөсү. Эл аралык конгресстин (1945), ошондой эле Тынчтыкты жактоочулардын бүткүл дүйнөлүк 1- (1949) жана 2- (1950) конгресстеринин катышуучусу. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1935).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1