Боогачы уулу Жолой

Википедия дан
Жолой Боогачы уулу‎»‎ барагынан багытталды)

Жолой Боогачы уулу - (1888, азыркы Токтогул району, Ничке-Сай айылы – 1934, ошол эле жер) – кыл кыякчы, комузчу. 1932–34-ж. Токтогул райондук элдик театрында иштеген. Комузчулук боюнча Токтогулдан таалим алган. Кыл кыякты адамдай сүйлөтүп тарткан. Айрыкча «Байге», «Кер толгоо», «Селкинчек», «Тору кашка ат, кокуй», «Эски кара күү», «Тайкожонун керөзөн» жана башка күүлөрдү ийине жеткире аткарган. Ал эми комуз күүлөрүнөн «Гүлгаакы», «Анжыяндыктардын дарты өттү», «Карачач-Зейнеп», «Кашка ат жаш кетти», «Эжекем менен жездекем» жана башка күүлөрдү кол ойнотуп черткен. 1928-ж. музыка изилдөөчү А. Затаевич андан 17 күү жазып алган. Алар 1934-ж. Москвадан чыккан «250 кыргыздын күүлөрү жана обондору» аттуу жыйнакка кирген. Жолойдун «Байге», «Карачач-Зейнеп», «Кер толгоо» аттуу күүлөрү «Чолпон», «Саманчы жолу» балеттерине пайдаланылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1