Жол (роман)

Википедия дан

"Жол" (англ. The Road) — америкалык жазуучу Кормак Маккартинин 2006-жылы чыккан романы. Ал бир нече ай бою саякаттап жүргөн атасы менен жаш уулунун кыяматтан кийинки жомогу. Алардын өз сапарында белгисиз жаратылыш кырсыгы кыйраткан аймактан өтүшөт. Кырсык көптөгөн маданияттарды, өткөн жылдарда жер жүзүндөгү дээрлик бардык жашоону жок кылган болот. Роман 2007-жылы "Пулитцердин" "Фантастика" жана 2006-жылы "Жеймс Тейт Блэк Мемориалдын" "Фантастика" сыйлыктарын утуп алган. Китеп окшош аталыштагы тасмага 2009-жылы ылайыкташтырылып, ага Жон Хиллкоут режиссерлук кылган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2006-жылы Маккарти "Жеймс Тейт Блэк Мемориал" жана "Беливер Бук" сыйлыктарына ээ болуп, фантастика категориясында Улуттук китеп сынчылар чөйрөсүнүн сыйлыгынын финалисти болгон. 2007-жылы 16-апрелде роман фантастика категориясында "Пулитцер" сыйлыгына татыган. 2012-жылы ал "Жеймс Тейт Блэктин" мыкты китептер боюнча кыска тизмесине киргизилген.

Ылайыкташтырылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Романдын тасмага ылайыкташтырылышы режиссер Жон Хиллкоут жана сценарист Жо Пенхалл тарабынан ишке ашкан. Кинотеатрларда 2009-жылдын 25-ноябрында көрсөтүлө баштаган. Тасмада Вигго Мортенсен кишинин, Коди Смит-Макфи баланын ролун аткарышкан. Өндүрүш иштери Орегондун Луизиана жергесинде жана Пеннсилваниянын бир канча жайларында болуп өткөн. Тасма роман сыяктуу эле киносынчылардын жалпысынан оң сын-пикирлерине ээ болгон.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]