Жомоктор - Байыркы түрк жазма эстеликтери

Википедия дан

Байыркы түрк жазма эстеликтери – 7–12-к. түрк уруулары жана элдери колдонгон жазма. Ташка, кагазга руна, уйгур, брахма, согда, манихей, сирия (эстрангело) жазуусунда, араб тамгасы менен түрк тилинде жазылган чыгармалардын кеңири түрү. Негизинен байыркы түрк эстелигин руна сымал жазма түзөт. Кыргыз жана түрк калктарынын тарыхын изилдөөдө мааниси зор. Байыркы түрк жазма эстеликтери пайда болгон мезгил 7–8-к. деп эсептелип, жогорку чеги 11–12-кылымдарга чейин созулат. Жазуу эстеликтеринин тили – байыркы түрк тили. Б.т.к.ж. эрте орто к- да Орхон, Енисей жээктеринде, Чыгыш Түркстан аймагындагы көчмөндөрдүн арасында жаралган. 6–7-кылымда Борб. Азиянын түрк тилиндеги калктары, түрк кагандарына баш ийген калктар, төмөнку Волгадагы, Дон, Түндүк Кавказдагы түрк калктары өз жазуулары катары колдонушкан. Алгач руна жазуулары бири-бири менен байланышпаган 37 же 38 белгиден турган. Алар согду жазуусуна караганда жыгачка жана ташка түшүргөнгө жакшы ылайыкташкан. Руна жазмасы түрк тилинин фонетикалык өзгөчөлүктөрүн так берген. Үнсүз белгилер үндүү тамганын алды же арт жагына келишине жараша эки түрдө, оңдон солду карай горизонталдык абалда жазылган. ошондой эле тик жазылган учурлары да кездешет. Руна жазуулары гот же скандинавия руна жазуулары менен салыштырылган. Руна жазуулары деп аталып калышы ошол себептүү. Руна жазууларынын келип чыгышы ж- дө окумуштуулардын арасында төмөндөгүдөй ойлор өкүм сүрөт: 1) кель-гот урууларына таандык; 2) енисей кыргыздарынын жазуусу; 3) грек-гот алфавити менен түздөн-түз байланыштуу; 4) унутулган орус жазуусунун үлгүсү; 5) угро-фин аска бетине жазылган тамгалардын үлгүсү; 6) грек, түндүк финикий, түштүк семит алфавиттери менен жакындыгы бар; 7) ирандык тамгаларга окшоштугу бар; грек алфавитинин византиялык, эфталиттик формалары колдонулган; 9) Биздин заманга чейин 8–5-кылымдагы Казакстандагы Эсик көрүстөнүндөгү «алтын адамдын» жанынан табылган күмүш идиш түбүндөгү жазуу байыркы түрк руна жазуусунун башаты; 10) С. Г. Кляшторныйдын пикиринде руна жазуусу согду жазуусунун негизинде жаралган. Руна жазуусун негиздөөчүлөр согду алфавитинин тамгаларын жана ага мүнөздүү үндүү тамгаларды белгилөөдөн баш тартышып, силлабарий (муун эсебине жараша түзүлгөн сөз) иштеп чыгышкан. Дж. Клосондун изилдөөсү боюнча согду жазуусунан тышкары гректердин кол жазмага окшош ариби ортоперсия (пехлеви) жазуу-су пайдаланылган. Байыркы руна алфавитин 7–9-кылымда Орто Азиянын көптөгөн мамлекетери пайдаланган. 10-кылымда руна жазуусу Моңголияда эски жазуу катары сакталган. Ал эми Енисейде, Алтайда, Орто Азиянын түндүк- чыгышында 10–11-кылымдарга чейин пайдаланган. С.Г.Кляшторный байыркы руна жазмасынын колдонгонуна, мезгилине, аймагына жана жанрына карата төмөндөгүдөй тизмектештирет: 8–11-кылымда Кыргыз кагандыгынын жазуулары (Енисей бою); 7–8-кылымдагы Чыгыш Түрк кагандыгынын жазуулары (Моңголия, Алтай); 8–10-кылымдагы Курыкан уруу союзунун жазуулары (Лена, Прибайкалье); 8–9-кылымдагы Уйгур кагандыгынын жазуулары (Моңголия); 8-кылымдагы Батыш Түрк кагандыгынын жазуулары (Жетисуу, Фергана); Хазар кагандыгынын жазуулары (Таласта табылган жыгачтагы жазуу); 9–10-кылымдагы Кимак мамл-нин жазуулары. Жазуу эстеликтери жанры жагынан 6 топко бөлүнөт: 1) тарыхый-библиографиялык тексттер; 2) эпиграфикалык лирика поэзиясы; 3) аска бетиндеги, таштардагы, курулуштардагы орчундуу окуяны белгилеген жазуу; 4) диний, адабий тексттер; 5) Дунхуандагы жана Мирандагы иш кагаздары; 6) тиричилик буюмдарындагы белгилер (буюм ээсинин ысмы, каалоо). 8–11-кылымда Енисей боюнда жаралган руна жазуулары Таластагы жазуулар менен жакындыгын түркологдор баса белгилешет. Бул жазууларынын мүнө-зүнө караганда атайын жазмакерлерден башка, калктын бир бөлүгү аны жаза билишкен. Жазууларда сөз чеберчилиги кыйла өздөштүрүлгөн