Макей Жоошбаев

Википедия дан
Жоошбаев, Макей‎»‎ барагынан багытталды)
Жоошбаев Макей
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Жоошбаев Макей
Туулган жылы: 1929-жылы 29-декабрь
Туулган жери: Торкен айылы, Токтогул району,Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан желегиКыргызстан
Ишмердүүлүгү: Жазуучу, журналист


Жазуучу, журналист Макей Жоошбаев Токтогул районунун Торкен айылында 1929-жылдын 29-декабрында туулган. 1935-жылы Торкен жети жылдык мектебинде окуган. 1942-жылы өз каалоосу менен Улуу Ата Мекендик согушка жөнөп, 1945-жылы жараат алгандан кийин төрөлгөн жерине кайткан. 1945–1949-жж. Токтогул райондук «Ленин осуяты» гезитинин жооптуу катчысы, кийин партиянын Токтогул райкомунун үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп, 1949–1951-жж. бюронун жолдомосу менен Кыргызстан КП(б) БКнын алдындагы эки жылдык партиялык мектепке жиберилген. 1952–1964-жж. «Кызыл Кыргызстан» (азыркы «Кыргыз Туусу») гезитинде Жалал-Абад, кийинчерээк Ош облустары боюнча өз кабарчы, бөлүм башчы, 1964–1968-жж. Кыргызстан Журналисттер союзунун жооптуу катчысы, 1968-1973-жж. Кыргыз радиосунда редактор, 1973–1985-жж. «Чалкан» журналынын фельетондор бөлүмүнүн башчысы, жооптуу катчы болуп иштеген.

«Чонтойдун жоруктары» аттуу юморлору Бүткүл союздук «Крокодил» журналына, Белорусиянын, Украинанын, Өзбекстандын, Казакстандын «Перец», «Вожык», «Муштум», «Чаян», «Аары» ж. б. сатиралык журналдарына, немистердин «Шпигель» аттуу журналына жарыяланган. Ал 600дөн ашык фельетондордун, 50дөн ашык публицистикалык макалалардын, ондогон повест, романдардын автору. Улуу Ата Мекендик согуштун I, II даражадагы ордендери, «Каармандыгы үчүн медалы» ж.б. он жети медаль менен сыйланган.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Үңкүрдүн сыры: Повесттер жана аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1966. – 212 б.
  • Коркунучтуу түн: Повесттер. – Ф.: Кыргызстан, 1969. – 340 б.
  • Атайын тапшырма: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1972. – 162 б.
  • Ажал отунда: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1982. – 304 б.
  • Жаралуу аркар: Окуялуу повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 400 б.
  • Акыр заман: Публицистика. – Б.: Кыргызстан, 1994. – 32 б.
  • Кара шайтан: Роман. – Б.: Кыргызстан, 1998. – 432 б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]