Жорж Майкл
Файл:George Michael.jpeg и George Michael (2011).jpg | |
Негизги маалымат | |
---|---|
Төрөлгөндөгү ысымы |
Маалыматтардын маңызы белгисиз. |
Автографы |
[[Файл:Lua error in Модуль:Wikidata/media at line 33: attempt to concatenate local 'value' (a nil value).|80px}}]] |

Жорж Кириякос Панайиотоу (англ. Georgios Kyriacos Panayiotou; 1963-жылы, 25-июнда туулуп, 2016-жылы, 25-декабрда каза болгон) - Жорж Майкл деген ат менен кеңири таанымал англиялык ырчы, ыр жазуучу, ыр жаздыруучу продюсер жана филантропист болгон. Ал Wham! деэтинин солисти катары атактуулукка жеткен. Жорж Майкл негизинен 1980-1990-жылдары жазган эмгектери менен бедгилүү аталган. Алардын ичинде "Кетээрден мурун мени ойгот" (англ. Wake Me Up Before You Go-Go), "Акыркы Кристмас" (англ. Last Christmas) аттуу ырлар жана "Ишенич" (англ. Faith, 1987) жана "Шек сактанбай ук 1" (англ. Listen Without Prejudice Vol. 1, 1990) сыяктуу альбомдору бар.
Майкл көзү өткөнгө чейин 115 миллиондон ашуун ыр көчүрмөлөрүн сатуу менен эң көп жаздыруу саткан ырчылардын бири аталган. Ал эми Wham! дуэти 1982-1986-жылдардын аралыгында 28 миллион жаздыруу сатып, анын дебюттук "Ишенич" альбому дүйнө жүзү боюнча 20 миллиондон ашуун көчүрмөдө сатылган. Майклдын жети ыры Улуу Британиядагы башкы хитке айланса, сегиз ыры анын ичинде "Байкоосуз шыбыр" (англ. Careless Whisper) жана "Убакыт үчүн сыйынуу" (англ. Praying for Time) АКШдагы Билборд 100 тизмесинде биринчиликти ээлеген. Ал Улуу Британияда ырлары көп санда сатылган ырчылардын тизмесин толуктайт. Ал эми 2008-жылы Билборд эң мыкты 100 ырчы тимесинде 40-орунду ээлеген. Майкл өзүнүн 30-жылдык ырчылык карьерасында көп сандаган сыйлыктарга ээ болгон. Алардын катарында үч "Брит" сыйлыгы, эки жолу "Эң мыкты британиялык мырза ырчы", төрт "MTV Видео музыка сыйлыгы", төрт "Ивор Новелла" сыйлыгы, үч "Америка музыка сыйлыгы" жана "Грэмми" сыйлыгына сегиз жолу көрсөтүлүп эки жолу жеңип алган. Майкл 1998-жылы гей болгондугун ачыкка жарыялап, ЛГБТ укук коргоо жүрүштөрүнүн активдүү катышуучусу жана ВИЧ/СПИД кайрымдуулук фондуна каржылык жактан көмөк көрсөтүүчү болгон.
2004-жылы радио Академиясы Майклдын ырлары 1984-2004-жылдардын аралыгында британиялык радиодо эң көп угулган деп белгилеген. Ал эми 2005-жылы анын карьерасын жана жеке жашоосун баяндаган "Башка окуя" (англ. A Different Story) аттуу документалдуу тасма чыккан. Майкл 15 жылдын ичиндеги алгачкы турнесин баштап, дүйнөлүк 25 жандуу турнеси үч этапта өтүп үч жылга созулган (2006, 2007 жана 2008). 2016-жылы, 25-декабрда таң атпай 53 жашар Майклдын денеси Оксфордшайрдагы үйүндө табылган. Коронердин билдирүүсү боюнча ал табигый жол менен каза тапкан.